Жаңылыктар

АБАЙЛАҢЫЗДАР, ШЫЛУУНДАР! АЛДАМЧЫЛЫКТЫН ЖАҢЫ ТҮРҮ

23 1 2023

Кесиптештер, шылуунчулуктун жаңы амалдары тууралуу  эскертебиз. Сак болуңуздар!

Ниети бузуктар мессенджер жана социалдык тармактарда фейк аккаунттардан билдирүү жөнөтүп, иш алып барууда. Мисалды төмөндө көрсө болот:

 

Билдирүүдөгү фишинг ссылкалары аркылуу эч убакта өтпөө керек. 

Ссылкалар аркылуу өтүп, жеке маалыматтарды берүү менен, сиздер шылуундарга өз эсептердеги, депозиттердеги, картадагы, мобилдик тиркемедеги жеке каражаттарыңызга жетүүгө мүмкүндүк берген болосуз! Шылуундар мүмкүндүктү алып, сиздин бадык каражатты чыгарып кетип, ал гана эмес, сиздин атыңызга онлайн кредит алышы мүмкүн!

Эстен чыгарбаңыз!

  • ·        Белгисиз ссылкалар аркылуу өтпөңүз, карталарыңыздын маалыматтарын, мобилдик тиркеменин телефон номерлерин, СМСтеги сыр коддорду, картанын тышкы бетиндеги CVV-кодду жана интернет-банкингдеги жеке кабинеттин, мобилдик тиркеменин  паролун же код сөзүн эч кимге билдирбеңиз/жазбаңыз. 

Банк кардардын конфиденциалдуу маалыматынын жоголуусу, текшерилбеген интернет-ресурстарын колдонууда жеке маалыматтын жиберилүүсү жана ошондой эле алдамчылардын сайттары аркылуу транзакциялардын жасалуусунда жоопкерчилик тартпайт.

Эгерде сиз ушундай абалга туш келсеңиз, кардарларды колдоо Кызматына тез арада чалып, карта/мобилдик тиркеме/интернет-банкингге бөгөт коюңуз. Мындан тышкары, мобилдик тиркеменин жаңыланган версиясында сиз өз алдынча бөгөт коюп, бардык жабдыктардан чыга аласыз. Тиркемени бул жактан жаңыласа болот. Шылуундар тууралуу сөзсүз түрдө Банкка жана укук коргоо органдарына билдириңиз.

Кошумча суроолор боюнча Банктын Кардарларды колдоо кызматына 88 00 номери боюнча кайрылууга болот (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Картага бөгөт коюу боюнча картанын тышкы бетиндеги же төмөндөгү номерлерге чалууга болот:

ЭЛКАРТ (Күнү-түнү)

0(555) 63-76-96

0(777) 63-76-96

0 (500) 63-76-96

 

WhatsApp +996 505 63 76 96  

Telegram @Elkartbot

 

VISA

+ 996 (312) 98-60-55

0 (800) 800-80-80 

Бардык жаңылыктар