Жаңылыктар

КЫЯЛГА КАДАМ ТАШТАҢЫЗ – ДЕПОЗИТ АЧЫҢЫЗ

2 11 2022

Кыялданууну жакшы көрөсүзбү? Кыялданыңыз... бирок кыялдарыңыздын орундалышы үчүн күч-аракет жумшоону унутпаңыз!

Чоң кыялга жетүү кичинекей кадамдардан башталат. Келгиле, биринчи жана негизги кадамды жасайлы - үнөмдөөнү баштайлы. Ал эми буга сизге каражат топтоо үчүн натыйжалуу жана коопсуз жолдорунун бири – депозиттер жардам берет. Сиздин акча каражаттарыңызды сактоонун жана көбөйтүүнүн эң ыңгайлуу жана ишенимдүү варианттарын Компаньон Банкы сунуштайт. Баса, топтоону  чакан  суммалардан баштасаңыз болот.

Сиздин муктаждыктарыңызга оптималдуу жооп берген депозиттин түрүн тандаңыз жана депозиттик калькулятор менен аманаттарды эсептеп, ссылка аркылуу сизди кызыктырган депозиттик бөлүмгө өтүңүз:

  •  Жеке жактар үчүн «Топтолуучу» депозит;
  •  Жеке жактар үчүн «Пенсиялык» депозит;
  • Жеке жактар үчүн “Компаньон” депозити;
  • Жеке жактар үчүн «Мөөнөөттүү» депозит;
  • Юридикалык жактар үчүн «Мөөнөөттүү» депозит.
  • Депозитти ачуу өзүңүздү тартипке салууга жардам берет жана мисалы, кирешеңиздин 10% бөлүп коюуга үйрөтөт. Акчаңызды бөлүп коюу менен, сиз акча топтоодо тышкары, кепилденген киреше аласыз.

    Компаньон Банкынын депозиттеринин артыкчылыктары:

    1. Жагымдуу пайыздык чендер;
    2. Каалаган ыңгайлуу убакта толуктоо;
    3. Онлайн ачуу жана толуктоо мүмкүнчүлүгү;
    4. Кардарлардын салымдары ишенимдүү корголот жана Депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан камсыздандырылат;
    5. Банк бир миллиард сомдон ашык уставдык капиталга ээ жана келишимдердин шарттарына ылайык бардык кардарларга депозиттер боюнча пайыздарды кошуп эсептөө жана төлөөгө кепилдик берет.

    Депозитти толуктоо үчүн ай сайын кеңсеге баруунун кажети жок - эсепти үйдөн чыкпастан, аралыктагы каналдар аркылуу башкарууга жана толуктоого болот:

    Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз.

    Бардык жаңылыктар