Жаңылыктар

Компаньон “Келечектин жашыл бүчүрлөрү” аттуу акцияны Кыргызстандын бүт облустарында өткөрдү

18 5 2015

2015-жылдын май айынын башында Компаньон адатка айланган ”Келечектин жашыл бүчүрлөрү” аттуу экологиялык акцияны өткөрдү. Иш-чара жаратылыш ресурстарын сактоого жана жаш муунга айлана-чөйрөнү коргоонун маанилүү болгондугун көрсөтүүгө багытталган.

Кыргызстандын бүт облустарында өткөн иш-чаралардын жүрүшүндө компаниянын кызматкерлери көчөттөрдү тигүү, аймакты тазалоо боюнча иштерди бир катар бала мекемелеринде аткарышты. Компаньондун агрономия боюнча адистери бала бакчалардын, интернат тарбиялануучуларды жана тарбиялоочуларды бакты туура багууну үйрөтүп, кеп-кеңештерди айтып, сабактарды өткөрүштү.

“Бизге көчөттөр керек болчу. Бала бакчабыз жаңы, былтыр эле ачылган, жашылдандырууну өз акчабызга гана кылганбыз. Агрономдордон пайдалуу кеңештерди алып, аларды ишке ашыра алдык. Компаньондун кызматкерлери бактардын көчөттөрүн жана гүлдөрдү тигишти. Күзүндө баары гүлдөгөндө көрсө болот”, - деп айтып берди №1 ”Кун нуру” бала бакчасынын (Токтогул ш.). башкаруучусу Алима Суюналиева.

”Келечектин жашыл бүчүрлөрү” аттуу акция балдар үйлөрүндө, интернаттарда, бала бакчаларында жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектептерде 2011-жылдын апрель айынан баштап Компаньон тарабынан өткөрүлүп жатат.

Иш-чаранын уюштуруучулары белгилегендей, жаш муундун экологиялык тарбиясына айрыкча көңүл буруш керек, анткени жаратылыш ресурстарын сакталышы туруктуу өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү. 

”Бул долбоор Компаньондун эки стратегиялык максатын ишке ашырат - жаратылыш ресурстарын рационалдуу колдонуу практикасына жардам көрсөтүү жана салабаттуу, каржылык жактан туруктуу жамааттарды түзүү. Компаньондун көпчүлүк кардарлары үчүн бакчалар жана огороддор кирешенин булагы болуп калышты. Жаратылыш ресурстарын туура колдонуу айлана-чөйрөнү сактоого салым кошуп, киреше алып келген актив жаратса болот”, - деди МФК ”Компаньон Финансылык Уюму” ЖАК Башкармалыктын Төрагасы Уланбек Термечиков.

Бардык жаңылыктар