Жаңылыктар

Директорлор Кеңешинин Төрагасынын Кайрылуусу

29 6 2017

Урматтуу инвесторлор, кызматкерлер жана кардарлар,

"Компаньон Банкы" ЖАК директорлор Кеңешинин атынан терең өкүнүү менен, Компаньон Банкынын Башкармалык Төрагасы Уланбек Термечиков кызматтан кетүү үчүн чечим кабыл алгандыгы жөнүндө билдиремин. Уланбек акыркы 8 жыл ичинде Компаньондун Башкармалык Төрагасынын милдеттерин кынтыксыз аткарды, жана ар кандай сыноолорго карабастан, Банкты эң мыкты өнүгүүгө жана кирешелүүлүккө алып келди.  Анын башкаруу мезгилинде, Банк өзүнүн активдерин эки эседен көп көбөйттү, 2009 жылы 41 млн АКШ долларынан азыркы 93 млн АКШ долларына чейин, жана Банктын капиталы 20 млн. АКШ долларын ашты. Анын билгич жетекчилиги астында Банктын географиялык территориясы кеңейди жана анын филиалдык тармагы 82 ден 112 чейин көбөйдү. Кыргызстан боюнча Компаньондун кардардык базасы дээрлик 100 000 кардарларды түздү, жана аларга 1 000 көп кызматкерлер кызмат көрсөтүшөт. Уланбек Компаньондун микро-каржылоо уюмунан микро, чакан жана орто бизнестерди насыялоо продуктыларын, аманаттарды, ЭКТ жана өнүгүү кызматтарынын кеңири спектрин сунуштоочу толук коммерциялык банкка трансформация болушунда маанилүү роль ойноду.  

Уланбек бир гана банктык жетекчинин эң мыкты интуициясына ээ эмес экендигин көрсөттү. Анткени, мындан тышкары, ал татаал кыйынчылыктарды ийигиликтүү жеңүү менен, команданы алга алып барууга умтулду. Ал ар дайым өзүнүн кесиптештери жана Компаньон үчүн кам көрдү.

"Компаньон Банкы" ЖАК Башкармалык Төрагасы дайындалганга чейин, анын милдеттерин Башкармалык Төрагасынын Орун Басары Эркинбек Жумабаев аткарат.

Урматтоо менен,

Стив Митчелл

Директорлор Кеңешинин Төрагасы

"Компаньон Банкы" ЖАК

Бардык жаңылыктар