Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАТКЕН ОБЛУСУНДА ЖАБЫРКАГАНДАРГА ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ

19 9 2022

Өлкө үчүн кыйын убакта биз бирдиктүү аракеттерибиз менен гана бардык кыйынчылыктарды жеңе алабыз!

Баткен облусунун  калкын колдоо максатында Банктын Башкармалыгы тарабынан акча каражаттар бөлүнгөн. Каражаттын бир бөлүгү жабыркагандарга каражат топтоо үчүн бирдиктүү эсеп - Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын бирдиктүү эсебине которулду.

Калган суммага Исфана жана Кадамжай филиалдарынын кызматкерлерине өтө зарыл продуктулар сатып алынды. Алар өздөрү чек ара зонасынан эвакуация болгон үй-бүлөлөргө продуктуларды таратууга катышкан. Ал эми Ак-Суу айылындагы блокпосттордо турган аскерлерге түшкү тамак уюштурулган.

Компаньон Банкынын жамааты болсо демилгени колдоп, жардам чогултууну баштаган. Чогултулган каражатты Кадамжай филиалынын кызматкерлери өтө зарыл продуктуларга жумшап, калган каражатты жабыркагандарга жардам үчүн ачылган эсепке которду. Мындан тышкары Ош-Датка филиалы жабыркагандарга уюлдук телефон, сим-карта жана заряддоочу шаймандарды сатып берди, Доорот-Коргон СК чыр-чатак болгон жердеги солдаттарга азык-түлүк, медикаменттерди жөнөттү. Ошондой эле калган филиалдар дагы бир топ каражат топтогон. Ушул тапта акча каражаты бөлүштүрүлүүдө. Гуманитардык жардам Баткен облусуна учурдагы оор кырдаалда жардамга муктаждар үчүн жөнөтүлөт.

Биз өлкөбүздө тынчтык жана биримдик болооруна ишеним артабыз.

Бардык жаңылыктар