Жаңылыктар

Жакшылыкты белекке берүү: Беловодск балдар үйүнө барып келүү

10 6 2017

10 июнь – жайдын ишемби күнү Компаньон Банкынын кызматкерлери үчүн өзгөчө күн болду. Биз Беловодск мектепке чейинки балдар үйүнө барып келдик.

Биз бөбөктөргө белектер менен конокко келдик: момпозуйлар, оюнчуктар жана кийим-кече. Биз үчүн эң маанилүү нерсе жашоодо башкаларга караганда азыраак жолу болгон балдар үчүн кичине болсо да көңүл бөлүү эле. Ошондуктан балдар үйүндөгү балдар менен таанышкандан кийин биз ар кандай оюндарды ойной баштадык.  Улуураак балдар топ жана бадминтон ойноп жатышты. Бөбөктөр коноктор менен кумда ойношту. Биз чогуу ар кандай түстөгү самын көбүктөрүн үйлөдүк. Кыскасы, бир-бири менен сүйлөшүү бардыгына абдан жакты!

 «Компаньондун кызматкерлери 2006 жылдан бери балдар үйүнө колдоо көрсөтүп келишет. Мындай боорукер кишилердин жана компаниялардын бар болгондугуна биз абдан ыраазыбыз. Алар бизге жана башка ушундай балдар уюмдарына жардам беришет», - деп Беловодск мектепке чейинки балдар үйүнүн мүдүрү Горохова Анна Геннадьевна белгиледи. 

Бардык жаңылыктар