Жаңылыктар

АКЧА КОТОРУУЛАРГА КРЕДИТТЕР

4 8 2022

Акча которуулар түрүндөгү үзгүлтүксүз кирешеңиз барбы? Бирок бул сумма чоң сатып алуу же башка максаттар үчүн жетиштүү эмес болсо, сиз үчүн Компаньон Банкы акча которууларга кредитин сунуш кылат.

Кредиттти акча которуулар түрүндө үзгүлтүксүз акчалай киреше алган 21 жаштан 68 жашка чейинки жеке жарандар (КРнын жарандары) ала алышат. Эл аралык которуулар же Кыргызстандын ичинде болобу, эч кандай айырмасы жок.

100 000 сомго чейин каражатты 3 айдан 24 айга чейин алууга болот. Ал эми киреше тууралуу күбөлүктүн ордуна өлкө ичиндеги же чет өлкөдөн келген которуулар тууралуу сертификатын керек.

Артыкчылыктары: Компаньон Банкынын кредиттик адисине тиешелүү документтер менен кайрылгандан кийинки 30 мүнөттүн ичинде каралып берилет.

Кенен маалыматты Кардарларды тейлөө кызматынанан 88 00 номери аркылуу (КРнын мобилдик операторлорунан чалуулар акысыз) же Банктын кеңселеринен алса болот. 

Бардык жаңылыктар