Жаңылыктар

ЭКИ ЖЫЛДА КОМПАНЬОН БАНКЫ 1500ДЕН АШЫК МӨМӨ-ЖЕМИШ КӨЧӨТТӨРҮН ОТУРГУЗДУ

14 6 2022

Компаньон Банкы 2 жылда өз күчү менен 28 жалпы билим берүү мекемелерине жемишбактарды отургузду. Демилге “Өлкөнүн алыскы билим берүү мекемелери үчүн жемиш бактары” долбоорунун алкагында ишке ашкан.

Социалдык багыттагы финансы институту болгон Компаньон Банкы, коомдун социалдык өнүгүүсүн анын финансылык туруктуулугу менен бириктирүүнү көздөйт. Банк кызматтары менен бирге, Банк жергиликтүү коомчулуктарды күчтөндүрүү жана алардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо максатында финансылык эмес кызматтарды да көрсөтүп келет.

Өзүнүн миссиясын кармануу жана эл алдындагы корпоративдик жоопкерчилигин эске алуу менен, Банк 2020-жылы 28 билим берүү мекемесинин аймагында мөмө-жемиш багын тигүү үчүн финансылык колдоо көрсөткөн.

Бул долбоорго Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен облустарынан 28 билим берүү мекемеси катышкан. Жалпысынан мектепке тиешелүү 3 гектар жер 1530дан ашык көчөт отургузулган мөмө-жемиш багына айланган.

“Өлкөнүн алыскы билим берүү мекемелери үчүн жемиш бактары” демилгеси төмөнкү максаттарда ишке ашырылат:

  • Өлкөнүн алыскы аймактарындагы өсүп келе жаткан балдардын тамактануусун, артүрдүүлүгүн жакшыртуу. 
  • Алыскы аймактардын жашоочуларынын агротехника жана мөмө-жемиш бактарын багуу боюнча билимдерин жогорулатуу; 
  • Алыскы аймактарда айыл чарбасынан келип түшкөн кирешенин көбөйүүсүнө колдоо көрсөтүү.

Мындан тышкары, Банктын жогорку квалификациядагы агрономдору мектеп жамааты жана ата-энелер үчүн мөмө-жемиш багынын агротехникасы, жаш бакты туура пландаштырып отургузуу тууралуу бир жылдык окутууларды өткөн.

Тренингдердин катышуучуларына Банктын адистеринин баалуу кеңештери камтылган керектүү материалдар таратылган. Мөмө-жемиш багы ойдогудай өсүшү үчүн ага талыкпас эмгек жумшоо зарыл, андыктан Банктын агрономдору кеңеш берүү жана мөмө-жемиш багын жеринен кароону жүргүзүп турат.

Компаньон банкынын социалдык жоопкерчилиги муну менен чектелбейт.

2010-жылы Банкта агрономия жана мал чарбасы тармагындагы жогору квалификациялуу 30 адистен турган окутуу жана жамааттарды колдоо адистештирилген бөлүмү түзүлгөн, алар өлкөнүн алыскы региондорунда жашаган багбандар жана фермерлер үчүн ар жылы консультацияларды жана акысыз окутууларды өткөрүшөт.

* Компаньон банкы Кыргызстанда агрономия жана мал чарбасы тармагындагы жогору квалификациялуу адистер штатынан турган жамааттарды окутуу жана колдоо Бөлүмү бар жападан-жалгыз Банк болуп эсептелет. 2005-жылдан тарта Компаньон банкы алыскы аймактарды айылдык коомчулуктарга “Эко-бакча”, “Үй малын жана жайыттарды башкаруу» жана “Финансылык сабаттуулук” багыттары боюнча окутууларды өтүүгө шарт тузүп келет. Окутуулардан алган билимдер менен көндүмдөрдү пайдаланып, үй кожолуктары түшүмдүн сапатын, малдын өндүрүмдүүлүгүн жакшыртып, үй-бүлөлүк бюджетти эффективдүү башкарып жатышат. Жыйындыда аталган демилгелер калктын кирешесинин өсүшүнө жана жыргалчылыгынын жогорулашына таасир берет.



Бардык жаңылыктар