Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ БҮТКҮЛ ӨЛКӨ БОЮНЧА ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРДҮ

19 5 2022

Компаньон Банкы социалдык жоопкерчиликтүү уюм катары, уюшулгандан бүгүнкү күнгө чейин курчап турган чөйрөнү сактоо жана калыбына келтирүү боюнча ондогон долбоорду ишке ашырып келет. Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстар күнүнө карата, Банк 2022-жылдын 22- мартынан 30-апрелине чейин ишембилик уюштуруу жана ирригациялык системаларды тазалоо боюнча ири кампанияны өткөрдү.

Адистердин божомолуна ылайык, ушул жылы түшүмдүн жок болушуна жана жашыл бакдарактардын куурашына алып келе турган кургакчылык болоору күтүлүүдө. Андыктан, рационалдуу сугат эң маанилүү, ал эми суунун коромжу болушу сугат системаларынын эскиргендиги жана толуп калгандыгынан улам келип чыгат. Компаньон Банкынын кызматкерлери 50 000 кв.м жерди жана 2500ден ашык ирригациялык каналдарды былтыркы жалбырак жана таштандыдан арылтып, топуракка толуп калган арыктарды калыбына келтиришти. Ар бир филиал өлкөнүн сууну үнөмдөө программасын колдоого көрүнүктүү салымын кошту.

Агрономия боюнча Банктын адистери кардарларга түшүмдү кургакчылыктан сактап калуу жана сугаруунун сарамжалдуу жолдору боюнча кеңештерин активдүү берип келет. Белгилей кетсек, ар бир кардар Компаньон Банкынын айыл чарба жаатындагы квалификациялуу адистеринен акысыз кеңештерди ала алат.

Бардык жаңылыктар