Жаңылыктар

ШЫЛУУНДАРДАН САК БОЛУҢУЗ!

19 5 2022

Урматтуу кардарлар,

Акыркы учурда шылуунчулук операциялар көбөйдү. Абайлаңыз!

Шылуундар социалдык тармактарда, мессенджер жана телефондор аркылуу аракет көрүшү мүмкүн. Алар ар кандай ыкмаларды колдонушат. Мисалы, өздөрүн банктын кызматкери катары тааныштырып, эсебиңизден акчаны уурдап алуу максатында сизден ссылка боюнча өтүүгө же картанын номери жана CVV-коду бар форманы толтурууну суранышы мүмкүн.

Компаньон Банкы катышуучулардын салымы керек болгон ар кыл оюндар жана башка иш-чараларды уюштурбайт. 

Банктын ишмердиги тууралуу актуалдуу маалымат менен www.kompanion.kg расмий сайтынан же Кардарларды колдоо кызматынан билсеңиз болот: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Шылуундардын айла-амалына кабылып калбоо, өзүңүздү жана акча каражатыңызды коопсуздандыруу үчүн төмөнкү маалыматты билишиңиз керек:

  • SMSтен сырсөздөрдү жана коддорду, картанын артындагы CVV-кодун, Интернет банкингдеги жеке эсебиңиздин сырсөзүн, банктык тиркемелерди же код сөздү айтпаңыз.
  • Банктан SMS дайыма бир номерден келет. Эгерде SMS, мисалы, бүткөн которуу же төлөм жөнүндө жаңы диалогго келсе, анда бул аферисттер. Интернет-банкингдин тиркемесиндеги же жеке эсебиндеги эсебиңиздеги калдык тууралуу маалыматты текшериңиз.
  • SMSтен келген шилтемелерди ээрчибеңиз, телефонуңузга жана компьютериңизге сизге тааныш эмес программаларды орнотпоңуз.
  • Чоочун адамдардын жана уюмдардын эсептерине акча которбогула, ал болжолдуу түрдө Банктын кызматкери же "атайын эсеп" болсо да.
  • Белгисиз номерлерге, өзгөчө кыска номерлерге чалбаңыз: алар үчүн акы алынышы мүмкүн. Эгерде сизге "банктан" чалуу келип, бирок күмөн санасаңыз, расмий номерге окшош болсо дагы, ошол номерге кайра чалбаңыз. Банктын номерин кол менен териңиз: аны картанын артында же Банктын веб-сайтынан көрсөңүз болот.
  • Эгерде сиз ошого карабай алдамчыларга картанын маалыматы же SMS аркылуу келген код жөнүндө кабар берсеңиз, Банктын расмий номерине чалып, картаны бөгөттөңүз.
  • Банкка алдамчылар жөнүндө кабарлаңыз.

Кошумча суроолор боюнча Банктын Кардарларды колдоо кызматына 88 00 номери боюнча кайрылууга болот (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар