Жаңылыктар

Компаньон Банкы KyrSEFF+ программасы чегинде энергоэффективдүү жана ресурс үнөмдөөчү долбоорлорду насыялоону баштады

27 3 2017

Компаньон Банкы Кыргызстанда KyrSEFF+ туруктуу энергияны каржылоо Программасы чегинде турак-жайларда жана коммерциялык уюмдарда энергоэффективдүү, ресурс үнөмдөөчү жана энергиянын жаңыланма булактары боюнча долбоорлорду насыялоону баштады. Насыялар имараттардын жылуулук, вентиляция, жана кондициялоо системаларын жакшыртуу, жана башка энергоэффективдүүлүктү жана суу үнөмдөөнү жогорулатуучу иштер үчүн берилет. Банктын кардарларына каржылоодон башка энергия колдонууну жакшыртуу жана алгылыктуу жабдууну тандоо боюнча акысыз техникалык жардам берилет.

«Энергоэффективдүү жана ресурс үнөмдөөчү инвестициялардын маанилүүлүгүн түшүнүү менен,  биз кардарларыбыз үчүн жашоонун ыңгайлуу шарттарын түзүү жана бизнес кылуу үчүн жаңы каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн ачып жатабыз. KyrSEFF программасы чегинде банктык продуктыларды киргизүү жаратылыш ресурстарын туура колдонууга жана энергияны колдонууда чыгымдарды азайтууга жардам берет», - деп «Компаньон Банкы» ЖАК  Башкармалык төрагасы Уланбек Термечиков белгилеп кетти.

«KyrSEFF+ программасы башталгандан бери кыргызстандыктар жашыл технологияларды колдонуу үчүн пайдалуу каржылоо алышты. Алар элдин жашоосунун сапатын жакшыртууга жана ата мекендик бизнести өнүктүрүүгө жардам берет. Программанын приоритеттеринин бири бул KyrSEFF+ инвестицияларын мүмкүн болушунча жеткиликтүү кылуу, айрыкча айылдыктар үчүн жеткиликтүү кылуу. Ошол үчүн биз өлкөбүздүн алыскы райондорунда жайгашкан өнөктөш банктардын санын көбөйтүп жатабыз. Биргелешкен аракеттер менен биз Кыргызстандын жашыл экономикасына  салым кошо алабыз», - деп KyrSEFF+  программасынын Улуттук менеджери Нурзат Абдырасулова белгиледи.

Белгилей кетсек, KyrSEFF+ программасынын гранттык компоненти да бар. Компаньон Банкынын кардарлары энергия үнөмдөөчү чечимдерди ийгиликтүү киргизгендиги үчүн Европа Биримдигинин Борбордук Азия Инвестициялык фондунан 20% өлчөмүндө грант ала алышат.

Бардык жаңылыктар