Жаңылыктар

ОКУУЧУЛАР КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН АТМОСФЕРАСЫНА ЧӨМҮЛҮШТ

30 4 2022

Компаньон Банкы өз Миссиясын кармануу менен, Кыргызстан калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бөлөт жана билим берүү жаатында акысыз иш-чараларды үзгүлтүксүз уюштуруп келет.

Бул ирет кызматкерлер мектеп окуучулар үчүн ачык сабак жана Банкка экскурсия уюштурган. 2022-жылдын 29-апрелинде Компаньон Банкынын кеңсесин “Приоритет” жеке мектебинин 4-класстарынын окуучулары келишти.

Кириш сөз учурунда балдарга Банк деген эмне жана ал эмне үчүн керек, аны кандай өзгөчөлүктөрү бар экендиги тууралуу айтылды. Окуучулар Банктын продуктулары менен таанышты жана ошондой эле каражат топтоо, финансыны башкаруу темалары да козголду. Балдар өзүнө депозит ачуу менен каражатты топтоп гана эмес, аны көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экенине таң калышты.

Сабак интерактивдүү формада өттү жана кызыктуу викторина аркылуу ар бир окуучу баарлашууга катышуу мүмкүнчүлүгүн алды. Балдар таттуулар жана Банктан эсте кала турган белектер менен сыйланышты.

Сабактан кийин балдар эсеп-кысап кассасына экскурсияга барышты. Ала жактан банкомат, терминал кандай иштей турганына күбө болуп, акча купюрасынын аныктыгын текшерген жабдыкты иш жүзүндө көрүштү. Белгилей кетсек, иш-чаранын аркасы менен, балдардын көбү финансылык кызматтар менен кызыгып, ал гана эмес, келечекте Банкка кардар гана эмес, кызматкер катары келүү каалоосун билдирди/

Балдардын пикиринде, алар жаңы, керектүү көп маалымат алышты. Мындан тышкары кызматкерлердин иши оңой эмес жана жоопкерчиликтүү экенин, ошондой эле Банк – биздин акча каражаттарыбызды ишенимдүү сактай турган жай экенин түшүнүштү.

 

Бардык жаңылыктар