Жаңылыктар

Мамлекеттик ипотекакалык компания жылдын жыйынтыгын чыгарды

4 1 2017

2016 жылдын 28 декабрь күнү Мамлекеттик ипотекакалык компания жылдын жыйынтыгын чыгарды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» программасы алкагында ипотекалык насыялоо процессине катышкан өнөктөш-банктарга салтанаттуу белек берүү аземин өткөрдү.

2016 жылдын жыйынтыгы боюнча ЗАО «Компаньон Банкы» ЖАК Чүй жана Ош филиалдары эң жакшы филиалдары катары таанылды. Банктын Насыя адистери Шакирова Зулкумар (Ош филиалы) жана Токтогулова Мээрим (Токмок филиалы) ипотекалык насыяларды берүү боюнча биринчи орунду алышты.

Эске сала кетсек, «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» КАК жана «Компаньон Банкы» ЖАК арасында кызматташтык жөнүндө Генералдык Макулдашуу 2016 жылдын 11 март күнү түзүлгөн. Программа алкагында турак-жай насыялоосунун шарттары жөнүндө кененирээк маалымат бул жерде.

Бардык жаңылыктар