Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ ЕБРРден ЧАКАН БИЗНЕСТИ КАРЖЫЛООГО КОЛДОО АЛДЫ

23 12 2021

Компаньон Банкы Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынан (ЕБРР) Кыргызстандагы чакан жана орто ишканаларды колдоо үчүн $5 млн өлчөмүндө кредит алды.

Компаньон Банкы алынган каражатты өлкө боюнча орто бизнести каржылоого жумшайт. Кредит чакан жана орто бизнестин (ЧОБ), жеке ишкерлердин өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө арналган. Узак мөөнөттүү кредиттер ата-мекендик ишкерлерге Covid-19 пандемиясынын кесепеттери менен күрөшүүгө жардам берет.

ЧОБ секторунда он миңдеген, анын ичинде Кыргызстандын алыскы аймактарында жашаган адам эмгектенет. Жергиликтүү чакан жана орто ишканалар өлкө үчүн маанилүү сектор жана ага ички дүң продуктунун 40% туура келет.

Компаньон Банкы чакан жана орто бизнести кредиттөө боюнча чоң тажрыйбасы бар жана ишкерлердин өнүгүүсү үчүн кредиттерди сунуштайт. Кредиттөө боюнча кошумча маалымат алуу жана толук консультация үчүн Компаньон Банкынын каалаган бөлүмүнө же 88 00 номери аркылуу (КРнын операторлорунан чалуу акысыз) кайрылууга болот.

Справкалык маалымат:

2007-жылдан тарта, Компаньон Банкы ЕБРРдин Кыргыз Республикасында чакан жана орто бизнести колдоо боюнча кредиттөө линиясынын катышуучусу болуп саналат. ЕБРР Кыргыз Республикасында 202 долбоорго дээрлик €800 млн инвестиция салган. Инвестициянын көпчүлүк бөлүгү жеке ишкерликти колдоого жумшалат.

Бардык жаңылыктар