Жаңылыктар

Орто жана чакан бизнес үчүн байгелүү акция

5 11 2021

2021-жылдын 5-ноябрынан 31-декабрына чейин бардык дүкөн, кафе, ресторан, коомдук тамактануу жайлары, дарыканалар жана  башка соода-тейлөө ишканаларынын (СТИ) өкүлдөрүндө байге фонду 200 000 сомду тузгөн “QR кабыл ал – байгелерге ээ бол” акциясына катышуу мүмкүнчүлүгү бар.

«Компаньон Банкы» ЖАК “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК менен бирге ЭЛКАРТ Трейд аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча акция өткөрүүдө.

ЭЛКАРТ Трейд – бул QR-код аркылуу нак эмес төлөмдөрдү кабыл алуучу тиркеме.  Товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү КРнын жарандары “ЭЛКАРТ Мобайл” тиркемесинен жөнөтүшөт.

Ал үчүн:

  • “Элкарт Трейд” тиркемесин жүктөп алуу.
  • СТИнин өкүлүнүн наамына Компаньон  Банкы тарабынан чыгарылган “Элкарт Бизнес” картасына байлоо
  • Акциянын жүрүшүндө калктан товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдү “Элкарт Трейд” тиркемесинен QR-кодду сканерлөө аркылуу кабыл алуу керек.

Бардыгы 5 жеңүүчү болот. Жеңүүчү болуп, эң көп ийгиликтүү төлөм жасаган катышуучулар саналат.

Акция боюнча кенен маалымат ссылкада

Баардыгына ийгилик каалайбыз!

*Акция Кыргыз Республикасынын Президентинин “Каржы рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө. Бул жарлык каржы рыногунун өнүгүшүн жана аны санариптештирүү процессин тездетүү, ошондой эле мобилдик тиркемелер, анын ичинде ЭЛКАРТ Трейд аркылуу финансылык кызматтарды алууну жеңилдетүүгө багытталган.

Бардык жаңылыктар