Жаңылыктар

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ КАРЖЫЛЫК САБАТТУУЛУК КУРСУН БАШКАРУУДА!

3 11 2021

Финансылык билим - финансылык коопсуздуктун негизи

Улуттук банк Эл аралык эмгек уюму/Турин шаарындагы Эл аралык окуу борбору (Италия) менен биргеликте, Тренерлер жана консультанттар альянсы (АТиК) менен кызматташтыкта финансылык сабаттуулук боюнча кыргыз тилинде биринчи жолу онлайн- курсун ишке киргизди. Бул онлайн-курс финансылык сабаттуулук жаатында жаңы билим алууга кызыкдар болгон колдонуучулардын кеңири чөйрөсүнө арналган жана ал жайгашкан жерине жана убактысына карабастан, бардык адамдарга окуу материалдарынан эч кандай чектөөлөр жок, акысыз пайдаланууга мүмкүндүк берет. Мында бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн үй-бүлөнүн финансы каражаттарын пландаштыруу жана башкаруу процессине катышуусуна өзгөчө басым жасалган. Курсту ийгиликтүү толук аяктаган катышуучулар электрондук сертификат алышат. 

Финансылык сабаттуулук боюнча онлайн-курс «Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» деп аталган биргелешкен долбоордун алкагында иштелип чыккан жана Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты Куруу Фондунун финансылык колдоосу менен БУУнун Аялдар түзүмү, Эл аралык эмгек уюму, Эл аралык миграция уюму тарабынан ишке ашырылууда. 

Курс өз алдынча окуу үчүн каралган 4 модулдан жана 15 окуу сессиясынан турат, ал биздин өлкөгө ылайыкталып регионалдык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен иштелип чыккан, ошондой эле анда актуалдуу маселелер камтылган жана калктын финансылык сабаттуулук боюнча билимин толуктап турат. 

Төмөндө көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу онлайн-курска кирүүгө болот ecampus.itcilo.org

Бардык жаңылыктар