Жаңылыктар

ЭЛКАРТ/VISA БАНКТЫК КАРТАЛАРЫН жана ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫГЫН КОЛДОНУУДАГЫ КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ

2 11 2021

Банктык төлөм карталарын колдонуудагы маанилүү 10 коопсуздук эрежеси:

  1. Картанын маалыматтарын чоочун адамдарга, анын ичинде туугандарга билдирбеңиз/көрсөтпөңүз/айтпаңыз.
  2. Шектүү интернет-сайттарда картанын маалыматтарын киргизбөө, формаларды толтурбоо керек (картанын номери/аны колдонуу мөөнөтү/картанын арткы бетиндеги үч сандан турган коопсуздук коду CVV/СVV-2  (төмөндө картанын сүрөтү келтирилген))
  3. Картаны тиркемеге байлоо үчүн СМС аркылуу келген бир жолу колдонуучу пароль/коддорду же болбосо мобилдик/интернет банкингге кирүү үчүн колдонгон паролдорду эч кимге билдирбөө керек.
  4. ПИН-кодду картанын өзүнө жазбоо зарыл. Картанын ээси паролду кайсыл бир нерсеге жазып койгон болсо, карта менен ПИН-код жазылган нерсени өз-өзүнчө сактоо керек.
  5. Электрондук жабдыктын клавиатурасында ПИН-кодду киргизүүдө жаныңыздагы адамдардын көрө албай турганын текшериңиз.
  6. Картаны үй шартында балдар жетпеген жерде сактоо зарыл (балдар картадан күнүмдүк абоненттик төлөмдү эсептен чыгарып ала турган ар кандай оюн интернет-аянтчаларына жазылып алышы мүмкүн. Балдарга ар кандай интернет-жөнөтмөлөргө жазылууга уруксаат бербеңиз).
  7. Үчүнчү жактын өтүнүчү/чалуусу аркылуу банктык карта менен иш-аракеттерди жасабаңыз.
  8. Акча каражаттарын бейтааныш мобилдик номерлерге/карталарга/эсептерге которбоңуз.
  9. Жеке кабинет же интернет/мобилдик банкингдин, персоналдык маалымат/логин/паролдорун же код сөзүн эч кимге билдирбеңиз.
  10. Картаны жоготкондо/уурдатканда, картанын маалыматтарын уурдатканда, картага бөгөт коюп,  банктын күнү-түнү иштеген кардарларды колдоо Кызматына 8800 кыска номерине же (0312) 33-88-00 номерине, же болбосо картанын арткы бетинде көрсөтүлгөн номерлерге чалуу зарыл:
  • Элкарт  (0312) 63-76-96, (0312) 63-77-38;
  • Visa       (0312) 98-60-55, (0800) 800-80-80.

 

Абайлаңыздар, шылуундар!

Урматтуу кардарлар, сиздерге телефон жана ар кыл интернет-аянтчалардагы интернет-шылуунчулуктун учурлары тууралуу эскертебиз.

  • Lalafo белгилүү сайты аркылуу жасалган шылуунчулуктун мисалы. Шылуундар сатып алуучуларбыз деп, товар үчүн төлөмдү сатуучунун картасына акчалай которууну сунуштайт, товар үчүн төлөө, мисалы CDEK өңдүү логистикалык компаниялар аркылуу жөнөтүү үчүн картанын маалыматтарын сурайт. Бул үчүн алар картанын маалыматтарын, СМС билдирүүдөгү кодду же СМС билдирүүдөгү 3-D Secure кодун сурашы мүмкүн. Бул, сиздин акча каражатыңызды төлөм картасынан ар кандай мобилдик тиркемелер/электрондук капчыктар аркылуу чыгарып кетүү/уурдоо үчүн жасалат.
  • Банктын номерлерин кайталаган виртуалдык номерлерден телефон чалуулар болушу мүмкүн. Шылуундар өздөрүн банктын кызматкерлери катары тааныштырып, ссылка боюнча өтүп, картанын номери же CVV-коду бар форманы толтурууну, атайын же кайрымдуулук эсебине транзакция жасоону суранышат, башкача айтканда,  картанын маалыматтырын алуу/уурдоо үчүн ар кандай шылтоолор болушу мүмкүн.

 

Шылуундардын торуна түшпөө үчүн, жогорудагы 10 эрежени билип жана төмөндөгү маалыматты колдонуу зарыл:

  • Банктан СМС дайым бир номерден келет. Эгерде мисалы, акча которуулар же төлөм үчүн билдирүү жаңы диалогго өтсө, демек бул шылуундар;
  • тааныш эмес, өзгөчө кыска номерлерге эч качан кайра чалбаңыз. Бейтааныш адамдардын же уюмдардын эсептерине Банктын кызматкеримин же “атайын” эсеп десе дагы, акча акча которбоңуз. Баланс тууралуу маалыматты тиркемедеги эсебиңизден же  интернет-банкингдеги жеке кабинеттен бат-бат текшерип туруңуз;
  • эске тутуңуз, Банкта болгон маалыматтар бар, жана Банк ушул өңдүү чалуулар же жөнөтмөлөрдү жасабайт. Мобилдик телефон номеринин/электрондук почтанын өзгөргөндүгүн өз убагында,  Банктын калааган бөлүмүнө кагаз түрүндө арыз жазып, билдириңиз.
  • Эгерде сиз шылуундарга картанын маалыматтарын же СМСтеги кодду билдирген болсоңуз, тез арада банктын расмий номерлери аркылуу чалып, картага бөгөт коюңуз. Шылуундар тууралуу Банкка же укук коргоо органдарына билдириңиз.

 

КАРТАНЫ ИНТЕРНЕТТЕ КООПСУЗ ПАЙДАЛАНУУ ТУУРАЛУУ ЖАЛПЫ СУНУШТАР

Картаны интернетте колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоону сунуштайбыз.

  •       интернет аркылуу операцияларды өткөрүүдө интернет-дүкөндүн коопсуздугун текшериңиз, анткени шылуундар тарабынан картанын реквизиттерин алуунун бир жолу – бул жасалма интернет-дүкөндү түзүү;
  •       интернет-дүкөндөр маалыматтык коопсуздукту сактоодо  сертификацияланган стандарттарды колдонооруна карта ээсинин көзү жетиши керек. Мисалы браузердеги “кулпуча жана ачкычтын” сүрөтү дүкөн маалыматтардын берилишин сактоону камсыз кылган SSL (Secure Sockets Layer) протоколун колдоноорун билдирет;
  •       сизге тааныш эмес жана интернетте пикирлер табылбаган дүкөндөрдүн сайттарында карта менен төлөм жүргүзбөө зарыл. Алдамчылыктан оолак болуу үчүн, ишенимдүү гана интернет-дүкөндөр менен колдонууга аракет кылыңыз. Интернет-сайттын дареги туура экенине көзүңүз жетиши керек, анткени шылуундар окшош даректерди көрүнүшү, дизайны бирдей болгон сайттарды түзүү үчүн колдонушу мүмкүн.
  •       интернет-операциялардын коопсуз өтүшү үчүн, төлөмдөрдү 3D-Secure коопсуздук технологиясын колдогон сайттар аркылуу өткөрүүнү сунуштайбыз. Интернет-дүкөндүн сайтында Verified by Visaнын логотибинин болушу сатып алуу аталган технологияны колдонуу менен ишке ашып жаткандыгынын белгиси болуп эсептелет;
  •       Интернетте төлөм жүргүзүү үчүн картадагы үч орундуу сыр шифри (арткы бетинде), банк картасынын CVV/CVV2  коду бар. Эч кимге, эч убакта картаңыздын толук номерин, колдонуу мөөнөтүн, CVV/CVV2 кодун (картанын арткы бетиндеги кол коюу талаасындагы акыркы үч сан) билдирбеңиз;
  •       эгерде сиз картаңыздын маалыматы түзүлгөн профилге байланган жана экинчи жолу төлөгөндө маалыматты терип киргизүү керек болбогон интернет-дүкөндөрдүн кызматтары менен колдонсоңуз, сөзсүз түрдө төлөгөн соң өз профилиңизден чыгыңыз жана өзүңүздүн ID жана паролуңузду эч кимге айтпаңыз;
  •       вируска каршы программасы бар жана актуалдуу вирус базасы бар компьютерден гана төлөмдөрдү жасаңыз;
  •       мүмкүнчүлүгүңүз болсо, интернетте төлөө үчүн эсебинде ири суммадагы акча болгон картаны колдонбой эле коюңуз. Эгерде картаңыздын маалыматтары кибершылуундар тарабынан уурдалып кетсе, сизде чоң суммадагы акчаны алдырып жиберүү коркунучу жаралат.

Картанын ээси:

      а) интернетте төлөмдөрдү жасаганда колдонулган картанын жана/же карта ээсинин маалыматтарына үчүнчү жактардын жеткиликтүүлүгү менен;
      б) картанын жана/же карта ээсинин маалыматтары белгилүү болуп калган үчүнчү жактар тарабынан интернетте жасалган кайсыл болбосун төлөмдөр менен байланышкан тобокелчиликтерди өзүнө ала турганын бышыктайт. Картанын ээси банкка Тармакта тейленүү мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу тууралуу арыз менен кайрылып, интернетте кызмат алуудан баш тартууга укуктуу.

Текшерилбеген интернет-ресурстарды колдонууда кардар жоготуп алган сыр маалыматтар үчүн/шылуундар тарабынан шылуундук сайттарда жүргүзүлгөн транзакциялар үчүн Банк жоопкерчилик тартпайт

 

Компаньон Капчыгын колдонуудагы маанилүү 10 коопсуздук эрежеси:

  1. Операцияларды жасоого зарыл болбосо жана тактоо үчүн жат адамдарга жеке маалыматты ачыктабаш керек (электрондук капчыктын номери, паспорттогу маалыматтар, банктык эсептин номери же электрондук почтанын дареги, ПИН/пароль).
  2. Логин, пароль, ПИН-код жана башка жеке маалыматтарды ачык текст менен электрондук акчаны пайдалануу менен төлөмдөрдү жүзөгө ашырууну камсыз кылган түзүлүштөрдө (персоналдык компьютер, уюлдук телефон же башка) же башка корголбогон жабдууларда сактабаш керек.
  3. Авторлошуу үчүн колдонулуучу жана башка жеке маалыматтарды башка адамдарда айтпоо, билдирбөө, ачыктабоо керек. Бул маалыматтарды айкын жерлерге жайгаштырбоо зарыл.
  4. Башка адамдарга сиздин электрондук капчык орнотулган мобилдик телефонуңузду колдонууга уруксаат бербеңиз.
  5. Сиз жокто бирөө-жарым колдонбошу үчүн паролдорду браузерде сактабоо керек.  Ошондой эле мобилдик тиркемеден чыгууну аткаруу зарыл.
  6. Маал-маалы менен ПИН-кодду, паролду алмаштырып туруңуз жана ысым же төрөлгөн күн өңдүү символдор жана белгилердин жөнөкөй айкалышын колдонбоо керек;
  7. Башка адамдардын электрондук капчыкка акча которуу менен байланышкан тапшырмаларын аткарбоо керек.
  8. Электрондук капчыктагы ката же авторлошпогон операцияларды көзөмөлдөп туруу үчүн, операциялар тарыхын жана электрондук капчыктагы калдыкты үзгүлтүксүз текшерип туруу зарыл;
  9. Чаттар же электрондук почта аркылуу келген ссылкалар боюнча өтпөө керек.
  10. Электрондук капчык орнотулган мобилдик телефонду жоготуп же уурдатып алсаңыз, картага бөгөт коюу үчүн 8800 кыска номери же (0312) 33-88-00 телефону аркылуу дароо Банкка кайрылыңыз.

Бардык жаңылыктар