Жаңылыктар

Компаньон Банкы: Каржы технологияларынын жаңы этабы

26 10 2021

«Компаньон Банкы» ЖАК жана “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК (IPC) Кыргыз Республикасынын каржы рыногунун өнүгүшүн жана аны санариптештирүү процессин тездетүү, процедураларды жеңилдетүү, QR-кодду* колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча куралдарды алдыга жылдыруу аркылуу жарандар жана ишкерлер үчүн каржы кызматтарын алуусуна багытталган Кыргыз Республикасынын Президентинин “Каржы рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Өз ара аракеттешүү” пилоттук долбоорунун алкагында кошумча келишимге кол коюшту.

Бул нак эмес төлөмдөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү электрондук акчалардын экосистемасын түзүү жана функционалдык шайкештикти камсыз кылуу доорундагы жаңы учур.

“Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК бүгүнкү күндө коммерциялык банктар, QR-кодду колдонгон төлөмдөр боюнча акыркы эсептер үчүн электрондук акчалар менен эсептер системасынын операторлору ортосунда техникалык өз ара аракеттешүүнү камсыз кылган жалгыз Оператор.

«Компаньон Банкы» ЖАК бүгүнкү күндө “Өз ара аракеттешүү” пилоттук долбоорунун алгачкы катышуучусу жана “Өз ара аракеттешүү”, “Төлөм шлюзу” долбоорлорунун жана “ЭЛКАРТ Трейд” мобилдик тиркемесинин эсептик банкы болуп саналат. “ЭЛКАРТ Трейд” мобилдик тиркемеси - QR-коду боюнча нак эмес төлөмдөрдү алуунун жөнөкөй жана ыңгайлуу кызматы.

ЭЛКАРТ Трейд аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуунун артыкчылыктары, тиркемени акысыз орнотуу, POS-терминалды орнотууга чыгымдардын жок болушу, тиркеменин 24/7 режиминде иштөөсү, төлөмдөрдү аралыктан кабыл алуу, акча каражаттарын сактоонун коопсуз жолу жана жаңы кардарларды – төлөм карталардын ээлерин тартуу болуп саналат.

Системанын маалыматтары сатып алуучулар үчүн ыңгайлуу жана бизнес ээлери үчүн пайдалуу. Эми, төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн Элкарт Трейд тиркемеси орнотулган мобилдик телефондун жана Компаньон Банкында акысыз алууга мүмкүн болгон ЭЛКАРТ Бизнес төлөм картасынын болгону гана жетиштүү.

«Компаньон Банкы» ЖАК өз ара аракеттешүүнүн Оператору катары катталышы каржы кызматтарынын бардык колдонуучулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Алар: QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүүнү камсыз кылат, ар кандай төлөм системаларынын ортосундагы интеграциянын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана төлөөчүлөргө QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүп берет.

 

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо Кызматына: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыздар. 

*QR-код «QR - Quick Response – “Тез жооп кайтаруу» — бул мобилдик телефондогу камеранын жардамы менен маалыматты тез түшүнүү үчүн эки өлчөмдүү штрихкоду (бар-код).

 

Бардык жаңылыктар