Жаңылыктар

Компаньон "Үнөмдөө жумасы" долбоорунун жыйынтыгын чыгарып жатат

18 11 2016

Октябрь айы боюнча, ошондой эле ноябрдын биринчи жарымында  Кыргызстан боюнча Компаньон Банкынын 100 дөн көп бөлүмдөрүндө 9-11 класс окуучулары үчүн ачык эшик Күндөрү өттү.

Компаньондун кызматкерлери жаштарга үнөмдөөнүн жана чөнтөк чыгашаларын туура пландоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Мектеп окуучулары менен маек интерактивдүү түрдө өткөрүлдү: балдар депозиттер боюнча кирешени өз алдынча эсептешти, ар кайсы өлкөлөрдүн валюталары тууралуу суроолорго жооп беришти, жана күнүмдүк акчаны үнөмдөө үчүн жөнөкөй мисалдарды келтиришти. Окуучуларга туура жооптор үчүн белектер берилди - фирмалык полиграфия продукциялары.  Мындан тышкары, балдар инкассация системасы тууралуу көп нерсе үйрөнүштү. 

Бул кыска мезгил ичинде миңге жакын мектеп окуучулары Компаньон Банкынын филиалдарына жана сактык кассаларына келишти. 86 жаш кардарлар “Келечектеги миллионер” аттуу өзгөчө аманатын ачышты.

Компаньон Банкы финансылык билимди жогорулатуу, үнөмдөө маданиятын жайылтуу боюнча ата-энелер жана окуучулар менен иштөөнү улантат. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы жана Германиянын сактык кассаларынын Фонду "Үнөмдөө жумасы" долбоорунун демилгечилери болуп саналат.

Бардык жаңылыктар