Жаңылыктар

ТЕХНИКАЛЫК ИШТЕР 07.09.2021

6 9 2021

Урматтуу кардарлар!

«Компаньон Банкы» ЖАК маалымат системаларын модернизациялоо максатында техникалык иштер жөнүндө маалымдайт.

Буга байланыштуу 2021 -жылдын 7-сентябрында саат 01: 00дөн 03: 00гө чейин (дүйшөмбүдөн шейшембиге караган түнү) эквайринг тармагы убактылуу иштебейт жана VISA карталары менен төлөмдөр токтотулат.

ЭЛКАРТ карталар боюнча төлөмдөр жана накталай акча алуу башка банктарынын түзмөктөрүндө жеткиликтүү болот.

Төлөмдөрүңүздү алдын ала пландаштырууну суранабыз.

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын  уюлдук операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар