Жаңылыктар

30 МҮНӨТТҮН ИЧИНДЕГИ КРЕДИТТЕР

16 8 2021

Урматтуу кардарлар!

Компаньон Банкы 30 мүнөттүн ичиндеги берилген 100 миң сомго чейинки тез кредиттерди жарыялайт. Болгону, жаныңызда паспорт (ID-карта) бар болушу зарыл.

Бул ылдамдык эмне үчүн? Ар кимдин өзүнүн себептери бар. Балким, шашылыш сатып алуу кошумча каржылоону талап кылат же сиз жарнамалык сунушка кызыгасыз, бирок ал сунуштар убакыт жагынан да, сан жагынан да чектелген. Тез кредиттер сиздин каалаган максаттарыңызга жана каалоолоруңузга ылайыкталган.

Кыска убакыттын ичинде ылдамдыктын жана жайлуулуктун жаңы деңгээлин сезиңиз!

Шарттар:

  • Кредиттин суммасы: 2 000 сомдон 100 000 сомго чейин
  • Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 36 айга чейин 

Кредиттин түрү

Сумма, сом

жылдык номиналдуу пайыздык чен

Бизнес жана керектөө кредиттери

5 000–100 000

29,9%*

Бөлүп төлөө менен товарлар

2 000–100 000

29,9%*

*Жылдык натыйжалуу пайыздык чен 34,79%дан башталат.
** Жылдык натыйжалуу пайыздык чен 34,93%дан башталат.

Артыкчылыктары:

  • Компаньон Банкынын кредиттик адисине кайрылгандан кийинки 30 мүнөттүн ичинде каралып берилет.
  • Күрөөсүз жана кепилдиксиз.

 Кредитти берүү:

  • Компаньон Банкында чыгарылган төлөм карталарына алуу мүмкүнчүлүгү (карта ошол замат берилет);
  • “Кошелек Компаньон” электрондук капчыгына алуу (капчык ошол замат туташтырылат);
  • Банктын кассасы аркылуу алуу.

Кредитти нак акчака айландыруу комиссиялары Банктын тарифтерине ылайык алынат. 

Зарыл болуучу документтер: Паспорт (ID-карта) 

Кредитти ким ала алат?

18ден 68 жашка чейинки курактагы физикалык жактар жана жеке ишкерлер (КР жарандары)

  • кайсы болбосун банктагы же КРнын микрокредиттик уюмдарындагы оң мүнөздөгү кредит тарыхы бар;
  • төмөнкүдөй түрдөгү кирешеси бар:

- расмий эмгек акысы (Банкка эмгек акы тууралуу маалымкат алып келүү зарыл эмес)

же

- бизнесинен* кирешеси (Банкка киреше тууралуу маалымкат алып келүү зарыл эмес).
*Айыл чарба жаатындагы ишкерлерге малынын саны жана үлүш жери бар экендиги тууралуу Айыл өкмөтүнөн маалымкат алып келүү зарыл.

Кошумча суроолор боюнча Кардарларды колдоо кызматына 88 00 номери боюнча же Банктын кеңселерине кайрылууга болот (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

 

 

Бардык жаңылыктар