Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН VISA КАРТАЛАРЫНЫН ЭЭЛЕРИ ҮЧҮН АКЦИЯ!

28 7 2021

Эл аралык Visa төлөм системасы Компаньон Банкы менен бирге карталарга которуу боюнча акция башталгандыгы тууралуу жарыялайт.

Акциянын мөөнөтү: 2021-жылдын 29-июлунан 2021-жылдын 29-октябрына чейин.*

Катышуучулар арасынан Компаньон Банкы тарабынан чыгарылган Visa карталарына  50$ же андан жогору өлчөмдөгү эң көп которуулар алып, Lenovo Ideapad ноутбугун утуп алыңыз!

Акциянын шарттары 

Акцияга кайсыл которуулар катышат:

Акцияга дүйнөнүн каалаган өлкөсүнөн кандай жол менен болбосун Visa карталарына алынган бардык эл аралык которуулар катышат. Кыргыз Республикасы боюнча ички которуулар катышпайт.

Акцияга катыша алат: 

* Кыргыз Республикасынын бойго жеткен жарандары жана Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу барлар, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жеке жактар.

* Акциянын жүрүшүндө кайсыл гана жол менен болбосун 50 (элүү) АКШ доллары же андан жогору суммадагы акча каражатын алган Visa төлөм карталарынын ээлери (Компаньон Банкында чыгарылган); каалаган картадан жана каалаган банктан дүйнөнүн кайсыл гана болбосун өлкөсүнөн Visa карталарына жасалган эл аралык которуулар катышат. Кыргыз Республикасы боюнча ички которуулар катышпайт.  

* Жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербегендер, ошондой эле Уюштуруучунун жана Акциянын өнөктөштөрүнүн кызматкерлери жана өкүлдөрү, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле алар менен аффилирленген жактар, акцияны даярдоого, уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу уюштуруучу менен келишимдик мамиледе болгон үчүнчү жактардын кызматкерлери жана өкүлдөрү акцияга катыша албайт.

Акцияга катышуу үчүн кадамдар:

  • Акцияга катышуу үчүн, Катышуучу 50 (элүү) АКШ доллары же андан жогору сумманы (дүйнөнүн кайсыл гана өлкөсүнөн болбосун каалаган картадан жана каалаган банктан эл аралык которуулар), акция өткөрүлүп жаткан мезгил ичинде кайсыл гана ыкма менен болбосун Компаньон Банкында чыгарылган өз Visa картасына акча каражатын алуучу болууга тийиш. Акцияга Кыргыз Республикасы боюнча ички которуулар катышпайт.
  • 50 (элүү) АКШ доллары же андан жогору суммадагы акча которуулардын саны чектелбейт.

 Акциянын Жеңүүчүлөрүн аныктоонун жана Байгелерди бөлүштүрүүнүн тартиби:

  • 50 (элүү) АКШ доллары же андан жогору суммада эң көп акча которууларды алган катышуучу жеңүүчү болуп саналат.
  • Бир нече Катышуучунун которууларынын саны бирдей болгон учурда, жалпы которуулардын өлчөмү(суммасы) эң көп болгон катышуучу жеңүүчү болуп саналат.
  • Банк акция учурунда акциянын Катышуучулары (Компаньон Банкынын карта ээлери) арасында ай сайын 1 (бир) жолу жеңүүчүнү тандайт.
  •  Банк акциянын мөөнөтүнүн жыйынтыгы боюнча бардыгы болуп 3 (үч) жеңүүчүнү тандайт.
  • 1 (бир) катышуучу акция өткөрүлгөн мезгил ичинде 1 (бирден) көп эмес жолу утушу мүмкүн.
  •  Байгелер - 3 LENOVO ноутбугу

 Акцияга катышуу үчүн чектөөлөр:

Акциянын Уюштуруучусу Катышуучу тыюу салынган каражаттарды колдонгонун жана/же  бул Эрежелерде каралбаган аракеттерди көргөндүгүн аныктаса, бул бузуулар аныкталган учурдан тарта каалаган убакта бул адам тарабынан буга чейин катталган аракеттерди жокко чыгарууга укуктуу (ар бир операциянын келип чыгуу тарыхын изилдебестен), ошондой эле, бул адамды Акцияга андан ары катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып салуу менен,  Катышуучулар же Жеңүүчүлөр тизмесинен алып салуга укуктуу.

Акцияны Уюштуруучу бир тараптуу тартипте жана себебин түшүндүрбөстөн, төмөндөгү аракеттерди жүзөгө ашырган жактардын Катышуучулар жана Жеңүүчүлөр тизмесинен каалаган убакта алып салууга укуктуу:

  • Акцияга катышуу үчүн жасалма операцияларды бир канча жолу каттаганга шектүүлөр;
  • Байгени жүйөсүз алуу максатында шылуунчулук аракеттерди жасаган деп шектелген жактар.

* Акциянын мөөнөтү алдын ала билдирүүсүз өзгөрүшү мүмкүн.

Кошумча суроолор боюнча Банктын Кардарларды колдоо кызматына 88 00 номери боюнча кайрылууга болот (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар