Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН БИЗНЕС КАРТАЛАРЫ

4 6 2021

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банкы ишкерлерди колдоп, алардын каражаттарын натыйжалуу башкарууга жана бизнестин өсүшүнө оң таасирин тийгизе турган ыңгайлуу финансылык инструменттерди түзүүгө умтулат.

Компаньон Банкы жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга арналган улуттук төлөм системасынын жаңы ЭЛКАРТ "Бизнес" дебеттик картасын тартуулайт.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:

  • Кардарларга акча каражаттарын накталай алуу, отчет алынуучу сумманы жана иш сапар чыгымдарын картага которуу үчүн Банкка келүүгө убакыт үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет;
  • Операциялык чыгымдарга жана отчет алынуучу суммаларды берүүгө кеткен убакытты кыскартат.

КАРТАНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ:

  • Акча каражаттарын картада сактоо;
  • КРнын бүткүл аймагында Компаньон Банкынын жана DemirBank достук тармагынын банкоматтарынан накталай акча алуу;
  • Эсептин абалы тууралуу мини-көчүрмөнү жана SMS билдирүүлөрдү алуу;
  • POS-терминалдар аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн нак эмес төлөмдөрдү ишке ашыруу;
  • Каражаттарды сарптоого чектеме коюу;
  • Каалаган убакта эсептешүү эсебинен картаны онлайн толуктоо;
  • NFC* технологиясы аркылуу 1000 сомго чейин контактсыз төлөмдөрдү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү (бир күндөгү транзакциялардын саны чектөөсүз);

*NFC (Near Field Communication — «жакынкы контактсыз байланыш»)- картаны башка жактарга бербестен, максималдуу тездикте сатып алууларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген контактсыз технология. Төлөмдү ишке ашыруу үчүн, NFC технологиясын колдогон картаны кассадагы төлөм терминалына PIN-кодсуз жакын алып баруу керек.  Эгерде бир төлөмдүн суммасы 1000 сомдон ашык болсо, картаны жабдыкка коюп, PIN-кодду терүү зарыл. Мындан соң, сатуучу картанын ээсине төлөм чегин чыгарып берет. 

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕР ТИЗМЕСИ:

  • Өздүктү тастыктаган документ;
  • Банктык эсепти ачуу тууралуу арыз;

Картаны чыгаруу үчүн тапшырыкты Компаньон Банкынын кеңселеринен бирине кайрылып берсе болот. 

Элкарт “Бизнес” төлөм карталарын тейлөө боюнча колдонулган тарифтер

Банктык төлөм карталарын чыгаруу жана тейлөө эрежелери   

Кошумча маалымат үчүн Кардарларды колдоо кызматына: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлолрунан чалуу акысыз) жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыздар.


Бардык жаңылыктар