Жаңылыктар

Компаньон Банкы 11-Алма фестивалына чакырат

20 9 2016

«Компаньон Банкы» ЖАК 2016-жылдын 24 сентябрында Баткен областынын Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында жыл сайын өтүүчү 11-Алма  фестивалын өткөрөт.  Фестивалга Кыргызстандын  фермерлери жана Франциялык багбандар катышышат. Алар алма өстүрүү жана алманы кайра иштетүү боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүшүөт. 

Бул иш-чаранын негизги максаты – Кыргызстандын коомчулуктарынын потенциалын чыңдоо үчүн багбанчылыкты жана сатып алуучулар жана сатуучулардын арасындагы базар байланышын өнүктүрүүгө жардам кылуу. Бул иш чаранын чегинде катышуучулар өздөрүнүн продукцияларын сата алышат жана азыркы кездеги багбанчылык боюнча маселелерди талкуулашып,  Компаньон Банкынын адистеринен агрономия жана мал чарбачылык боюнча акысыз кеңеш ала алышат.

Аны менен бирге, бул иш чарада балдар жана чоңдор үчүн көптөгөн кызыктуу конкурстар жана жарышмалар болот. Ошондой эле бул майрамдын салттуу жана эң таттуу бөлүмү- алмалардын жана өзгөчө алмадан жасалган тамактардын дегустациясы. Фестивалдын меймандары жана катышуучулары демонстрациялык бакчаларга жана алма сактагычтарга бара алышат.  

«Биз биринчи жолу Алма фестивалын 2006 жылы өткөргөнбүз. Жергиликтүү фермерлердин бул иш чарага болгон кызыгуусу бул фестивалды жакшы салт кылууга түрткү болду. Өткөн жылы биздин иш чара Ноокат районунун багбандарына 15 тонна алма сатууга жардам берген, бул жылы 2 миң тоннага көбүрөөк план койдук», - деп «Компаньон Банкы» ЖАК башкармалык төрагасы  Уланбек Термечиков белгилей кетти.

Бул алма фестивалы Кадамжай районунун администрациясы менен бирге өткөрүлөт. Фестивалга 600 жакын катышуучулардын жана эки миңден көп көрүүчүлөрдүн келиши күтүлөт. 

   

Бардык жаңылыктар