Жаңылыктар

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АМАНАТТАР ЖУМАЛЫГЫ

26 10 2020

Урматтуу кардарлар!

Компаньон Банкы Бүткүл дүйнөлүк аманаттарды сактоо жумалыгынын башталышы жөнүндө кубануу менен билдирет. Топтоо маданиятын өркүндөтүү жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында Банк жыл сайын ар кандай демилгелерди жүзөгө ашырып, иш алып барат.

Бүткүл дүйнөлүк аманаттарды сактоо жумалыгын майрамдоого арналган иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы жана Германиянын сактык кассалары фондунун колдоосу менен "Кыялдар канат байлаганда" деген ураан астында 2020-жылдын 26-30-октябрь аралыгында өтөт.

Компаньон Банкы бардык кардарларды социалдык тармактардагы баракчаларына кирип, Бүткүл дүйнөлүк аманаттарды сактоо жумалыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышууга чакырат. Социалдык байланыштарды чектөө максатында иш-чаралар онлайн режиминде өткөрүлөт.

Онлайн иш-чаралардын алкагында ар бир адам кызыктуу викториналарга жана сынактарга катышып, каржылык сабаттуулугун жогорулатып, каржылык максаттарына жетүү жана өз бюджетин сарамжалдуу башкаруу боюнча баалуу кеңештерди ала алат. Салт боюнча, эң активдүү катышуучуларга жагымдуу белектер берилет.

Компаньон Банкынын Facebook жана Instagram баракчаларына жазылыңыз жана биз менен каржылык сабаттуулугуңузду жогорулатыңыз!

Бардык жаңылыктар