Жаңылыктар

РОССИЯДАН ЭЛКАРТ КАРТАЛАРЫН "СВЯЗНОЙ" ДҮКӨНДӨРҮ АРКЫЛУУ ТОЛУКТОО

13 10 2020

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банкы жана «Связной» технологиялык гаджеттерди саткан эң ири дүкөндөр тармагы шериктештиги жөнүндө жарыялайт.

Компаньон Банкы жана «Связной» тармагынын ортосундагы кызматташтыгы ЭЛКАРТ улуттук төлөм карталарынын колдонуучулары үчүн (каалаган банктар тарабынан чыгарылган карталар) жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эми, ЭЛКАРТ карталарын толтуруу үчүн Россиянын 1200 шаарында жайгашкан төрт миңден ашуун «Связной» дүкөндөрү жеткиликтүүгү жана 23 миңден ашуун сатуучу-консультанттар жардам беришет.

Каражаттар ЭЛКАРТ карталарына заматта чегирилет, комиссиянын өлчөмү - 0%.

Каражаттарды ЭЛКАРТ картасына толтуруу үчүн:

  1. Кассадагы кызматкерге, Кыргызстандагы ЭЛКАРТ картасын толуктоону каалаганыңызды кабарлаңыз;
  2. Картанын номерин жана сумманы айтыңыз;
  3. Алдын-ала чекте, сиздин төлөмүңүз боюнча маалыматтын туура экендигин текшерип анан кол коюңуз.

Сураныч, акча толукталмайынча квитанцияны ыргытпай туруңуз.

Кызмат жана тарифтер жөнүндө маалымат.

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысызжана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз.

Бардык жаңылыктар