Жаңылыктар

Компаньон Инвест - Кыргызстандагы каржылоонун ислам принциптерине шайкеш компания болуп саналат.

8 8 2016

«Компаньон Инвест» микрокаржылоо компаниясы Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынан банк иши жана каржылоонун ислам принциптерине шайкештиги жөнүндө күбөлүк алды (№352-4/534, 22-июль  2016-жыл).

2011-жылы түзүлгөн Компаньон Инвест «Компаньон Банкы» ЖАК нун туунду компаниясы болуп эсептелет. Бул компания насыялоодо карыз пайызы жок Шариат мыйзамдарына ылайык иш жүргүзөт. Пайда жана зыянды кардар жана финансылык уюм тең бөлүшөт. Ал эми бардык келишимдердин негизи исламдык этикалык нормалар болуп саналат.  

Компаньон Инвест "Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, биздин өлкөдө жакырчылыкты жеңүү, жана ошондой эле ишкердүүлүктү өнүктүрүү үчүн микрокаржылоонун жеткиликтүү кызматтарын көрсөтөт.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын ноябрында Компаньон Инвест эл аралык «Islamic Microfinance Challenge 2013» мелдешинин жыйынтыгы боюнча финалисттердин үчтүк тизмесине кирген. 2015-жылы компания исламдык финансылык уюмдары үчүн Шариат стандарттарын, бухгалтердик эсеп жана аудитти киргизүү процессин бүтүргөн. 

Дареги: 723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү 316.

 

Бардык жаңылыктар