Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН БАРДЫК КЕҢСЕЛЕРИ ЖЕТКИЛИКТҮҮ

9 10 2020

Урматтуу кардарлар!

"Компаньон Банкы" ЖАК 2020-жылдын 9-октябрынан тартып бардык кеңселер кардарлар үчүн жеткиликтүүгү жөнүндө билдирет (СК "ЦУМ" жана СК "Кант" кеңселеринен тышкары). Банктын кеңселеринде кардарларды тейлөө саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Белгиленген иш графикти эске алуу менен келүүнү пландаштырууну суранабыз же дистанттык кызматтарды колдонууну сунуштайбыз.

"Компаньон Банкы" ЖАК өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал турукташкандан кийин кадимки иш графигин улантат, бул жөнүндө банктын расмий ресурстарында алдын ала кабар берилет.

Кызматардын убактылуу чектөөлөрү:

  • «Клиринг» системасы боюнча операциялар саат 11: 20га чейин, ал эми «Гросс» системасы боюнча саат 13:30га чейин (анын ичинде Интернет / Мобилдик Банкинг аркылуу жүргүзүлүүчү операциялар);
  • Unistream жана SWIFT системалары аркылуу акча которуулар убактылуу иштебейт;
  • Чет элдик электрондук капчыктарды толуктоо убактылуу иштебей турат.

Интернет-банкинг операциялары боюнча чектөөлөр:

  • Жеке кардарлар үчүн бир жолку чектөө - 15000 сом, күн сайын - 45000 сом;
  • Юридикалык жактар ​​үчүн акча конвертациялоо операциялары убактылуу иштебейт.

Компаньон Банкынын башка кызматтары кадимки режимде иштейт.

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын  уюлдук операторлорунан чалуу акысыз) же болбосо банктын расмий сайтына кириңиз www.kompanion.kg.

Бардык жаңылыктар