Жаңылыктар

БӨЛҮМДӨРДҮН ТЕЙЛӨӨ ИШТЕРИ УБАКТЫЛУУ ТОКТОЛУУДА [Жаңыланып турат]

6 10 2020

Урматтуу кардарлар,

Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу банктын иши чектелип жатат.

2020-жылдын 6 жана 7-октябрында төмөнкү кызматтар убактылуу иштебейт:

  • Банктын кеңселеринде кардарларды тейлөө;
  • Клиринг, гросс, SWIFT системалары боюнча операциялар;
  • Банкоматтар.

Кызматтардын кайрадан жеткиликтүүлүгү боюнча Банк кошумча маалымдайт.

КРЕДИТТИК КАРДАРЛАР ҮЧҮН

Кардарлар кредитти дистанттык кызматтар аркылуу төлөй алышат:

  • «Кошелек Компаньон» электрондук капчыгы 
  • ЭЛСОМ
  • КЫРГЫЗСТАН КБнын MBank Online
  • Элкарт Мобайл
  • “О!Деньги” электрондук капчыгы

Кредит өз убагында төлөнбөсө, Банк айып пулдарды кошпойт.

ДЕПОЗИТТИК КАРДАРЛАР ҮЧҮН

Компаньон Банкы кардарларынын акча каражаттарынын сактыгына жана коопсуздугуна, ошондой эле кардарларынын алдындагы милдеттенмелеринин толук аткарылышына, анын ичинде аманаттар боюнча пайыздарды ар бир кардарына келишимге ылайык төлөп берүүгө кепилдик берет. Компаньон Банктагы бардык аманаттар коргоого алынып Депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан камсыздалган. 

Дистанттык кызматтардын жардамы менен, сиз “Кошелек Компаньон” электрондук капчык аркылуу (идентификацядан өткөн колдонуучалар үчүн), Интернет / Мобилдик банкинг аркылуу өз эсебиңиздеги/аманаттагы кыймылдарды байкап, чегерилген пайыздарды көзөмөлдөп жана аманатты толтура аласыз.

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз.

Бардык жаңылыктар