Жаңылыктар

Каракол филиалы: “Жакшылык кыл! ”

27 6 2016

 “Жакшылык кыл!” – ушундай ураан менен 2016-жылдын июнь айында, Каракол филиалынын командасы кайрымдуулук акциясын өткөрдү. Ушул кайрымдуулук акциясынын алкагында, сакайтма борборунда тарбия алгандарга жана жарды үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам берилди. Банк кызматкерлери балдар үчүн чыныгы майрам уюштурушту – алар менен чогуу балдардын оюн аянтчаларына барышты, таттуу тамактарды, канцелярдык буюмдарды, оюнчуктарды, жана эң негизгиси- кубаныч, көңүл жана жандүйнө жылуулугун тартуулашты.

Каракол шаарындагы “Өрнөк” борборунда, Түп айылындагы  “Балдар Өмүр булагы” жана Барскоон айылында жалпысынан алганда, ар кандай диагноздору менен 130 дай бала дарыланып жатат. Дарыланып жаткан балдардын диагноздору:  балдардын церебралдуу шал оорусу, Даун синдрому , аутизм, психомотор жана сүйлөө өнүгүүсүнүн кармалышы, энцефалопатия. Каракол филиалынын кызматкерлеринин сөзү боюнча, жашоо ишмердиги чектелген балдарды көргөндө, адамдын аларга кубаныч тартуулагысы жана алардын жашоосу жана бакыты үчүн күрөшүп жаткан ата-энелерди колдогусу келет.

Бул акция – биз “өзгөчө” деп айткан, жакшылыкка ишенген, жашоо үчүн күрөшкөн, эртеңки жарык күнгө ишеничи жана үмүтү өчпөгөн балдарга колдоо көрсөтүүнүн дагы бир мүмкүнчүлүгү. 

Бардык жаңылыктар