Жаңылыктар

Компаньон Финансылык Уюму өрттөн азап тарткан Баткен областынын тургундарына жардам берди

13 3 2015

    Компаньон Финансылык Уюму чек ара жанындагы Булак-Башы жайлоосунда жайгашкан өрттөн жайкы үйлөрүнөн ажыраган Баткен областынын тургундарын колдоду. Жардам берүү максаты менен Компаньон үйсүз калган үй-бүлөлөргө 9 палатканы сатып жеткирүү үчүн каражат бөлүп берди. 2015-жылдын 3-мартында Бүжүм айылында Компаньон Финансылык Уюмунун төрага орун басары Эркинбек Жумабаев Баткен областынын тургундары менен жолугуп, азап тарткан үй-бүлөлөргө палаткаларды тапшырды.    

 Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров, Баткен районунун акими, айыл өкмөтү жана жеке уюмдардын өкүлдөрү катышышты. 

“Чек арада жашаган тургундарыбызга материалдык жактан жардам берип көңүлдөрүн көтөргөнү үчүн уюмга ыраазычылык билдирем. Бул акция тургундарыбызга чек арабызды коргоодо үмүт, ишенимдүүлүк берет деп ойлойм”, - деп белгиледи депутат Улукбек Кочкоров.

 Өрттөн азап тарткан жергиликтүүлөрдүн айтымында, берилген жардам аларга жаз жумуштарын убактында баштоого жардам берет.

 “Биз малчылык менен алектенебиз. Апрелде жайлоого чыгабыз, күзүндө кайтабыз. 2014-жылдын 24-декабрында жайлоодогу үйлөрүбүздүн өрттөнүшү жөнүндө билдик. Берилген жардам биз үчүн абдан пайдалуу. Компаньонго колдоо үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - бөлүштү малчы Сейдакмат Тилембаев.

“Палаткалар менен биз жумуштарыбызды уланта алабыз, жашай турган жерибиз бар болот. Жардам үчүн рахмат!” - деп толуктады Баткен областынын тургуну Азада Азимова.

Компаньон Финансылык Уюму Кыргызстандын бардык региондорунда социалдык жактан маанилүү иш-чаралардын ишке ашыруусуна айрыкча көңүл буруп, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө салымын кошот.  Корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин принциптерин сактап, Компаньон балдар үйлөрүнө, медициналык мекемелерге үзгүлтүксүз жардам берип элдин жетиштүүлүгүн жогорулаткан долбоорлорду колдойт.   

Бардык жаңылыктар