Жаңылыктар

«Компаньон Банкы» ЖАК: жаңы өнүгүү деңгээли

12 1 2016

2016-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы "Компаньон Банкы" ЖАКна улуттук жана чет өлкөлүк валютада банк операцияларын жүргүзүү укугун берген лицензияларын тапшырды.

Толук банктык лицензия Компаньон Банкынын кардарларына депозит, акча которуу жана алмаштыруу сыяктуу жаңы банктык кызмат менен өнүмдөрдү сунуштап, аларды колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт.

“Банктын негизги багыты - банктык өнүмдөрүн өнүктүрүү, жаңы технологияларын жайылтуу жана тейлөө сапатын жогорулатуу”, - деп белгиледи “Компаньон Банкы” ЖАКтын башкарма төрагасы Уланбек Термечиков. - “Бүгүн биз жаңы өнүгүү деңгээлине чыгып, биз менен кардарларыбызды жана өнөктөрүбүздү чакырабыз!”.

Банктык сегментке Компаньон жаңы фирмалык стили менен кирип жатат. Ребрендингтен кийин банктын логотиби гүлдүн желекчесинин формасында “К” тамгасында жасалган. Логотиптин негизги маңызы - Компаньон өз тарыхын баалап, тажрыйбасы менен сыймыктанат, ошону менен бирге өнүгүү үчүн алдыга умтулат.

Компаньон 2004-жылдан баштап калкка каржылык өнүм жана кызматтарды сунуш кылат. Бүгүнкү күнү Компаньондун өлкө боюнча 113 000 кардары, 900 кызматкери, 108 филиал жана аманат кассалары бар.

Компаньондун негиздөөчүсү жана негизги акционери эл аралык уюму Кайрымдуулук Корпусу (Мерсико). 2015-жылдын март айында Компаньон Кыргызстандын каржы секторуна голландиялык инвестицияларды тартып уставдык капиталын көбөйттү. Компаньондун акционерлери - Голландиялык Өнүгүү Банкы (FMO) жана Триодос инвестициялык фонду (Triodos Fair Share Fund, Triodos Sicav II).

Уюмдун ишмердүүлүгү эл аралык коому тарабынан жогорку деңгээлде бааланат.

2014-жылы Компаньон эл аралык SMART аттуу сертификациядан өттү, бул уюм кардарларды коргоо принциптерин сакталышын далилдейт.

Компаньон айлана-чөйрөнү коргоого салым кошкон үчүн Европалык микрокаржылоо сыйлыгын алган жана Борбордук Азиядагы биринчи уюм болду.

Жаңы өнүгүү деңгээлине өтүп Компаньон Банкы өз миссиясын - Борбордук Азиядагы жамааттарды өнүктүрүү боюнча алдынкы каржылык институт болуу - ишке ашырууну улантат.

Бардык жаңылыктар