Жаңылыктар

Акча которуулар боюнча «ОПОҢОЙ!» акциясына катышып, Компаньон Банкы менен бирге жеңишке жетишиңиз!

12 10 2018
Акча которуулар боюнча «ОПОҢОЙ!» акциясына катышып, Компаньон Банкы менен бирге жеңишке жетишиңиз!

Компаньон Банкынын акча которуулар боюнча «ОПОҢОЙ!» акциясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

12-октябрда Банктын бөлүмдөрүндө жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү. Алдыңкыларга баалуу байгелер: телевизорлор, ноутбуктар, планшеттер, смартфондор жана тиричилик техникалары тапшырылды.

Компаньон банкы жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайт!

«Биз ар бир кардарды баалайбыз жана акча которуулар боюнча биздин банктын кызматын тандаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!  Акциянын үч этабынын биринчи гана этабы аяктаганын белгилегибиз келет! 1-октябрдан 30-ноябрга чейин өтүүчү экинчи этапта кардарларыбыз телевизорлорду, ноутбуктарды,  планшеттерди жана башка баалуу байгелерди утуп алса болот.  Ал эми финалда жеңүүчүлөрдү эң башкы эки байге- Түркияга эки адамга саякат жана iPhone X күтөт! Бардыгыңыздарга ийгилик жана оомат каалайбыз! Акцияга катышыңыздар жана Компаньон Банкы менен жеңишке жетишиңиздер!», - деди Ош шаарындагы сыйлоо аземинде Башкармалыктын төрайымы Маргарита Черикбаева.

Акциянын шарттары:

Акча которуулар боюнча «ОПОҢОЙ!»  акциясы 2018-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин өткөрүлүп, жыйынтыгы үч этапта чыгарылат.

Акцияга катышуу үчүн  «Золотая Корона», Contact жана Western Union эл аралык тутумдары аркылуу аларда жеткиликтүү болгон ар кандай валюталарда акча которууларды жөнөтүү жана алуу зарыл.Которуулардын көлөмү чоң болгон катышуучулар жеңүүчү болуп табылат. Жалпы көлөмдү аныктоо үчүн чет өлкөлүк валютадалардагы бардык которуулар операцияны жүргүзгөн күнүнө карата КРУБнын курсу боюнча сомго конвертацияланат.

Акциянын шарттары менен жана женүүчүлөрдун тизмеси менен кененирээк Банктын www.kompanion.kg расмий сайтынан жана 8800 телефону аркылуу (уюлдук телефондон чалуулар акысыз) таанышууга болот.

Бардык жаңылыктар