Жаңылыктар

Компаньон Банкынын Алма фестивалына чакырабыз!

5 9 2018

Компаньон Банкы он үчүнчү жыл сайын өткөрүлүүчү Алма фестивалына чакырат, фестиваль 2018-жылдын 22-сентябрында саат 10:00 Джалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында өтөт. Биринчи фестиваль 2006-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөн, андан бери салтка айланып, ата мекендик фермерлер үчүн үзүрлүү экономикалык аянтча болуп калган.

Иш-чаранын негизги максаты багбанчылыкты өнүктүрүү жана агропродукциянын сатып алуучулары менен сатуучуларынын ортосундагы базар байланыштарын чыңдоо болуп саналат. Былтыр Алма фестивалы Баткен облусунун Лейлек районунда өткөн, багбанчылар 1000 ашык тонна алма сатууга жетишкен.

Фестивалдын чегинде катышуучулар өз продукциясын сатуу үчүн келишимдерди түзүп, Компаньон Банкынын агрономия жана ветеринария боюнча адистеринен акысыз кеп-кеңештерди ала алышат. Фестивалдын программасы алмалардын көргөзмө-жармаңкеси, мастер-класстар, сынактар, музыкалык номерлер жана жемиштерден жасалган тамак-аштардан даам татуу менен коштолот.

Алма фестивалына катышуу суроолор боюнча «Компаньон Банкы» ЖАКнын регионалдык менеджерине Сайдулла Бектемировго төмөнкү телефон боюнча кайрылсаңыз болот: +996 555 950 263, e-mail: sbektemirov@kompanion.kg.

ММК аккредитациясы Банктын PR-кызматы аркылуу төмөнкү телефондор боюнча өткөрүлөт 0312 33 88 00 (кош. 2157), +996 559 577772, e-mail: pr-team@kompanion.kg.

Бардык жаңылыктар