Видео-галерея

Ала-Бука районунда Компаньон Банкынын XIII Алма фестивалы өттү

2005-жылдан баштап Компаньон Банкы Кыргызстандын региондорунда алма фестивалдарын уюштуруп келе жатат. 2018-жылдын 22-сентябрында фестиваль Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагында өттү.

Жергиликтүү жашоочулар, Кыргызстандын бардык облустарындагы ишкерлер жана Өзбекстан менен Франциянын тургундары иш-чаранын коноктору болуп берди. Фестивалга миңден ашык адам катышты. Жергиликтүү жашоочулар үчүн Компаньон Банкы экономикалык пайдадан тышкары, чыныгы майрам кылып берди: тартууланган кызыктуу концерт программасы чоңдор менен балдарга чоң таасир калтырды. А. Юсупалиев атындагы орто мектебинин окуучулары даярдаган көркөм бий номерлерден тышкары, фестивалдын конокторун көргөзмө-жарманке кубандырды, жарманкеде алманын 12 сорту көрсөтүлүп, сыныктар жана жемиштен жасалган түрдүү тамак-аштардын дегустациясы өткөрүлдү.

Видео-галерея