Биздин кардарларыбыз

“АЛМА” ДОЛБООРУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ ӨЗҮЛӨРҮНҮН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИН КӨРСӨТӨТ

Тосор – бул кереметтүү Ысык-Көлдүн түштүк кылаасында жайгашкан кооз айыл. 2005-206-жылы бул жерде жана коңшулаш жайгашкан Тамга айылында Компаньондун жана Мерсиконун биргелешкен аракеттери менен “Алма” долбоору өткөрүлгөн. Ысык-Көлдүн алмалары өзүлөрүнүн сонун даамы жана жогорку сапаты менен мурдатан бери белгилүү. Бирок калктын заманбап билимдеринин жана натыйжалуу түрдө иштеген өтүү базарынын жоктугу, продукциянын чоң көлөмүнүн бузулушуна жана пайданын жоготуусуна алып келген.. Долбоордун максаты катышуучуларды бак-шакты багуу боюнча натыйжалуу ыкмаларга үйрөтүү жана жемиштерди сактоо жана сатууну жөнгө салуу болгон. “Алма” долбоору боюнча толук маалыматты сиздер бул жерде таба аласыздар.  

Долбоордун аяктышынан 6 жыл өттү жана мына биз бул долбоордун бир нече катышуучуларын көрүүнү чечтик, алардын алма багы жана алмадан жана өрүктөн түшкөн кирешенин деңгээли канчалык өзгөргөнүн көрүү үчүн. 

Биз биринчи эле Кабылбек жана Нафиса Бешболаевтарга келдик. Нафиса компания уюшкандан баштап Компаньондун кардары , а андан кийин  анын күйөөсү дагы “Алма” долбооруна кошулду.   
 
Кабылбектин жана Нафисанын жогорку билими жана айыл чарбалык эмес облустарда иш тажрыйбасы бар. Нафиса врач-кардиолог жана Ысык-Көлдүн түштүк кылаасында жайгашкан Аскер Санаториинде 30 жылдан бери иштеп келе жатат. А Кабылбек билими боюнча инженер жана узак убакыт окутуучу болуп иштеген.   
1991-жылы алар участок, өздөштүрүлбөгөн ээн жер, багбанчылыкка жарабаган жер алган. “Биз жерди алганда кичинеден өздөштүрө баштадык. Чакан үй курдук, кичине бак отургуздук, бирок биз алган түшүм анча чоң эмес болгон. Баардыгы менен аздан иштедик, мал өстүрдүк”, - деп айтат Кабылбек. “Долбоордо мен бардыгына үйрөндүм, биз куралдарды, питомниктер жөнүндө маалымат жана маанилүүсү биз кошуналарыбыз жана тааныштарыбыз менен азыр ыракаттанып бөлүшүп турган билим алдык. Агрономдордун кеңештеринин аркасы менен жана аларды тажрыйбада колдонуп, мен айырмачылык көрдүм. Көбүнч элдер бактардын бутактарын кыюу үчүн акча төлөшөт, биз ошону өзүбүз жасоого үйрөндүк. Бутактарды кыюу гана эмес, бирок тамырларды суюлтуу, органикалык жер семирткичтерди колдонуу, буларды, айтмакчы, биз өзүбүз дагы жасоого үйрөндүк. Булардын баары түшүмдүн көбөйүшүнө жана анын сапатын жогорулашына жардам көрсөттү. Эгерде биз жакшы түшүм алсак, анда кардарлар ыраазы болот, жана биз жакшы пайда алабыз”.
          
Нафиса өзүнүн жумушунан тышкары күйөөсүнө чарбада жардам берет. “Биринчи насыядан биз көчөттөрдү сатып алдык жана алма, шабдалы, өрүк бактарын, малина, карагат отургуздук. Биз өзүбүз үчүн джем, сок жана варенье даярдайбыз. Биздин багыбыз бардыгын берет, биз жана балдарыбыз үчүн азыктарды жана накта пайданы берет”, - деп бөлүштү ал.       
Алма багы Кабылбекке жана Нафисага туруктуу киреше алып келет. Көп жылдар бою жергиликтүү сатып алуучуларды жогору баалап, ал бир эле сатып алуучу менен эмгектешет.. Жакында ал коңшулаш участканы сатып алды, ал жерде жайкы сорттогу алма, өрүк жана шабдалы бактарын отургузду.
 
“Бизде бак абдан чоң болуп калды жана сезондо биз бардыгын өзүбүз кылууга жетише албай калдык. Кызым күйөө балам менен жана балам келиним менен жардам берүүгө келет, а ошондой эле биз Караколдон 4 киши жалдайбыз. Биз аларга ар бир иштеген күн үчүн эмгек акы төлөйбүз, бул аз акча эмес . Мен биздин багыбыз бизди гана эмес багат, ошону менен башка кишилерге да сезондук болсо дагы жумуш берет деп айтсам болот”, - деп айтып берди Нафиса.  
 
4 жыл мурда Кабылбек Компаньондун “Погреб” демилгесине кошулду. “Түшүмдү өстүрүү гана эмес, аны сактоо да маанилүү. Биздин жаш багыбыз чоңоюп баратат жана жакында түшүм бере баштайт, биз аны өзүбүз, үй-бүлөбүз жана сатуу үчүн сактоону каалап жатабыз. Биздин погреб жакшыртууну талап кылат, буга биз кийинки насыяны жумшайбыз”, - деп пландары менен бөлүштү Кабылбек.   
 
“Долбоор бүткөндө биз Багбанчылардын Ассоциациясын уюштурдук. Мен бул ассоциациясынын төрагасымын. Биздин топко 12-13 адам катышат, аларга биздин айылыбыздын ар бир жашоочусу кеңеш же кеп-кеңеш алууга кайрылса болот: көчөттөрдү кайсы жерде сатып алса болот, өрүктүн же алманын кайсы сортторун тандаса болот, жакшы көчөттөрдү кандай тандаса болот, бутактарды кыюуну кандай кылса болот жана башка көп нерселер. Биз кеп-кеңештерибиз үчүн акча албайбыз, биз бул билимдерди акысыз алдык жана азыр ошондой эле алар менен акысыз бөлүшөбүз. А мындан тышкары Компаньондун каржылоосунун аркасынан биз айылыбызда 500 тоннага жемиш сакталуучу жай оңдодук, жана биздин жамаатыбыз аны жергиликтүү администрациядан ижарага алды. Тилекке каршы, ошол жерде сактаган жемиштин көлөмү али чоң эмес”, - деп аягында айтып берди Кабылбек.     
    
Биз Кабылбекке жанаНафисага мындан аркы ийгиликтерди жана бактардын гүлдөп өнүгүшүн  кааладык жана кийинки катышуучуга кеттик, анын баяндоосу дагы биздин сайтыбыздын барактарында жакында пайда болот.

 

Бардык кардарлар