Биздин кардарларыбыз

Ысык самсы сатуу-даамдуу жана кирешелүү ишкердик!

Каракол шаары, Ысык-көл облусу

Мээрим жолдошу менен бирге кызарта самсы жабат, даамдуу гамбургерлерди даярдайт  жана ширелерди сатат. Соода түйүнү Каракол шаарынын базарында жайгашкан. Киши көп жана өтүмдүү орун.Ошондуктан, жубайлардын иши тез өнүгүүдөө.Бирок, мындай ар дайым эле боло берген эмес.

“ Мен Компаньон Банкынын 10 жылдан берки кардарымын. Биринчи алган насыямды ишкердикти өнүктүрүү үчүн алгам-бул акчага ширелерди сатып алдым. Башында өтө эле оор болду, анткени кардарларга ширеден бөлөк эч нерсе сунуштай алчу эмеспиз. Кийинчерээк, бизге окшоп көпкө өз орундарын таштап, тамактанууга кете албаган сатуучуларга тез тамактануучу жай ачуу жөнүндө бизге ой келди. Бул баардык сатып алуучуларга, албетте басып жүрүп тамактануучуларга да керек эле. Ошондо жолдошум экөөбүз самсы жана гамбургер жасоону чечтик. Албетте бизге башында жаңы ишкердик баштоо тобокелге салуу эле. Бирок, азыр айта алам, баардыгын башынан туура санап алсаңар, тобокел нөлгө барабар болот” - деп өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшөт Мээрим.

Мусаевдер жубайлары ийгиликтүү ишкерлер гана болбостон, алар ийгиликтүү ата-эне. Алардын төрт баласы чоңоюп келе жатат: үч кыз жана бир уул. Мээрим келечектеги планын айтат: “Эн башкы максатым-балдарды чоңойтуу жана аларга жакшы билим берүү. Ошондуктан күчтөнүп иштеп, менчик үй-бүлөлүк ишибизди өнүктүрөбүз. Менин тилегим  тез тамактануучу  жайдан тышкары дагы, шаардын борборуна менчик азык-түлүк дүкөнүн ачуу”.

Бардык кардарлар