Биздин кардарларыбыз

Кыялдар ишке ашат: базардагы соода ордуна чоң дүкөн

Каракол шаары

Ысык-Көл областы

Акжолтой Имакеева - Каракол шаарынын борборундагы азык-түлүк дүкөнүнүн ээси. Өзү Кочкордук, бирок 25 жылдан бери Ысык-Көлдүн жээгиндеги кооз туристтик шаарда жашап жана иштеп келет. Акжолтойдун эки бойго жеткен балдары бар, алар өздөрү үй-бүлө курушкан жана өзүнчө жашашат. Бүт бизнести Акжолтой өз алдынча башкарат.  

 «Мурда жергиликтүү базарда соода ордум бар эле. Суукта да, ысыкта да ал жерде туруш керек эле. Ошондуктан, мен ар дайым өзүмдүн дүкөнүм жөнүндө кыялданчумун. Анан Компаньон Банкынан бизнести өнүктүрүү үчүн топтук насыя  алгандан кийин, менин кыялым ишке ашты», - деп бул аял айтып берди.  

Соода үчүн жакшы шарттарды бизнестин ээси гана эмес, кардарлар да белгилешти, анткени товарлардын түрлөрү кыйла көбөйүп, соода кылуу алар үчүн дагы ыңгайлуу болуп калды. Полдон шыпка чейинки текчелерде тажрыйбалуу сатып алуучулар үчүн бардык нерсе бар. Товарды коет, сатат, продукция алып келген фирмалардан сатып алат, жана сатып алуучулар менен жылмайып сүйлөшөт – күч-кубаттуу аял бардыгына жетишет! Ошентип, жумуш күнү билинбей тез эле өтүп кетет.  

Акжолтойдун айтышы боюнча, ийгиликтин эч кандай сыры жок: «Аракеттенип, тынбай иштеш керек, ошондо ийгиликке жетсе болот. Иштегиле жана ийгиликтүү болгула!» 



Бардык кардарлар