Биздин кардарларыбыз

Күнөскананын пайдасы: үй-бүлө үчүн витаминдер жана жашылча сатуудан түшкөн киреше

Зындан айылы, Исык-Көл областы

Касенова Шактыгүл күнөскана куруу үчүн насыя алган жана эң туура кылган. Эми анын бардык үй-бүлөсү бир гана туура тамактанбастан, жашылча сатуудан жакшы киреше да алышат.   

«Мен 2016 жылы бир жыл бою агрономия багыты боюнча фермерлердин Талаа мектебинде окудум. Компаньон Банкынын агрономдору тренингдерде бизге көп жаңы жана пайдалуу нерселерди айтып беришкен. Биз өмүр бою үйүбүздө жашап, огородду туура эмес колдоноорубузду ким ойлоптур. Окууга карылык жок деген туура. Лекцияларда бизге кантип парник жасап, жашылча өстүрүү жөнүндө кенен айтып беришти. Мен жасап көрдүм жана менин аракетим ийгиликтүү болду! Бардыгы бир гана органикалык жер семирткичтерди колдоно башташты. Натыйжада берекелүү түшүм алышты. Ошондо биз парникте өстүргөн жашылчалар өзүбүздүн үй-бүлө үчүн гана жетишерин жана эгер биз көп өлчөмдө жашылча сатууну кааласак, анда бизге күнөскана керек экендигин түшүндүк. Күнөскана кандай талаптарга жооп бериш керек экендигин да бизге лекцияда үйрөтүштү. Бардык конспекттерди жана схемаларды мен сактап калгам жана аларды дайыма колдоном. Компаньондон насыя алгандан кийин биз курулушту баштадык. Күнөскананы куруу үчүн бизге 80 миң сом керек болду. Бирок биздин эсеп боюнча ал эки сезондо өзүн актайт. Ошондуктан бул акча каражаттарын пайдалуу колдонуу болуп эсептелет», - деп Шактыгүл эже айтып берди.

Чоң жана жарык күнөсканада Шактыгүл эже күйөөсү менен помидор, бадыраң, пияз жана башка жашылчаларды өстүрөт.  Бир сезон ичинде 1 тонна жашылча алса болот. Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү жашылча өстүрүүгө жардамдашат. Жардамчылар көп: Касеновдордун сегиз баласы жана он бир небереси бар! Шактыгүл эженин пландарында дары валерианасын кургатуучу жай куруу бар. Ал жакында ушул пайдалуу өсүмдүктү өстүрүп жана кошуна айылдагы кабыл алуу пунктуна акчага тапшырып баштаган. Азырынча бул үй-бүлө валериананы терип, үй-бүлө бюджети үчүн кошумча киреше алат. Бирок, бул өсүмдүктү кургатып тапшырса, кирешени төрт эсе көбөйтүү мүмкүн. Ошондуктан үй-бүлө бул максаттар үчүн кургатуучу менен жабдууну пландоодо. Кыскасы, ишкерлер өздөрүнүн огороддоруна  акыл менен инвестиция кылууда.

Шактыгүл эже өзүнүн ийгилик сыры жөнүндө бөлүштү: «Биз эртеден кечке чейин иштейбиз. Жер биздин чоң үй-бүлөбүздүн бардыгын багат! Ал эми жаш ишкерлерге айта кетчү нерсе, насыяны өз максаты үчүн гана колдонуу керек, жана ошондо аны төлөөдө эч кандай маселе болбойт!»

Бардык кардарлар