Биздин кардарларыбыз

КЫЛДАТТУУ ЭСЕП – ИЙГИЛИКТИН ҮЗҮРҮ

Касмалиева Шаимкүл суктануу сезимин ойготкон аялдардын катарына кирет. Ал 6 кыздын жана 1 баланын энеси, 12 неберенин жана 2 чөбөрөнүн чоң энеси. Ал мал чарбачылыгы менен ийгиликтүү алектенет жана Кыргызстандын Чүй облусунун Бейшеке айылында чоң эмес азык-түлүк дүкөнүн кармайт. 

Өмүр бою Шаимкүл күйөөсү менен жергиликтүү мектепте мугалим болуп эмгектенишет, ал орус тилинин мугалими жана күйөөсү кыргыз тили мугалими. Бирок мугалимдин айлыгына 7 баланы багуу кыйын, ошондуктан бул үй-бүлө дайыма мал кармоого аракеттенет, 1996-жылы айылда биринчи болуп азык-түлүк дүкөнчөсүн ачышты. Чоң кыздары чоңоюп, жогорку окуу жайына өтүүгө убакыт келгенде, Шаимкүл күйөөсү менен бардык үй малын сатып, окууга төлөштү. Бирок башка балдары да бир топ өсүп калышты. Шаимкүл пенсияга чыгып, микронасыялоо жөнүндө угуп, 2004-жылдан тарта насыя ала баштады. 

- Эң маанилүү – бул акча каражаттарын туура бөлүштүрүү. Биз насыяны эки бөлүккө бөлөбүз. Бир бөлүгү дүкөнгө товар сатып алууга кетет, а экинчисине мен жыл сайын бир кой, уй же жылкы сатып алам. Мал – бул көп жылдык инвестиция, ошону менен биз акчанын бир бөлүгүн камсыздык учурга сактайбыз, - деп, айтып берди Шаимкүл.
 
Мындай акылдуу мамиле кылуу Шаимкүлгө бардык кыздарына жогорку билим берүүгө мүмкүнчүлүк берди, азыр кыздары Бишкектин жана Токмоктун ВУЗда сабак беришет. Ошондой эле Шаимкүл 5 жылкыга, 4 уйга жана 40 койго ээ. А бул сүт жана эттен болгон кошумча киреше.  
 
- Микронасыялоо бизге пенсияга эптеп-септеп күн көрүүгө эмес, өзүбүздүн жыргалчылыгыбызды бир кыйла жакшыртууга мүмкүнчүлүк берди. Биз азыр жакында алган жер үлүшүнө дүкөн салып жана бильярд ойноочу жайды ачууну ойлоп турабыз. Биздин айылда көбүнчөсү насыя алышат, ошондуктан буттарына туруп кетишет. Дээрлик ар бир үйдө унаа, мал бар. Ошол үчүн биздин айылдагы элдин кечинде убактысын жигердүү өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү болуусун каалайбыз. Балама да жумуш болот, ал мектепти жакында бүтөт, - деп, айтты аягында Шаимкүл.


Бардык кардарлар