Биздин кардарларыбыз

Үй мини-ферма мисалы менен кой багуу

Кочкор айылы, Нарын областы

Жаздагүл Борбукова  — Компаньондун кардары, ишкер жана үч баланын энеси. Үй-бүлөгө каражат жетпей калганда, Жаздагүл кой багып өстүрөйүн деп чечти. Үй-бүлөнүн сарайы мурдатан бар болчу, бирок мал сатып алганга инвестиция керек эле. 2014-жылы күйөөсү кызматташтарынан Компаньон бир гана финансылык каражат бербестен, аны менен бирге мал чарбачылык жөнүндө бекер консультацияларды берет деп уккан. Жаздагүл  Компаньондун адистерине кайрылган. Алар мал жана жем-чөп сатып алуу үчүн мүмкүн болгон чыгымдарды эсептөөгө жардам беришкен, жана ошондой эле, жем-чөп өлчөмү, малдарды жайытта багуу үчүн даярдык эрежелери жөнүндө маалымат беришкен. Компаньондун адистеринин олуттуу мамилесин көрүп, Жаздагүл кой сатып алыш үчүн насыя алган. Бир жылдан кийин койлор төлдөшүп, алардын үйүрү эки эсеге жакын көбөйгөн. Ошол мезгилде, ал аял биринчи насыясын төлөп бүткөн жана 2015-жылы бизнести кеңейтүү үчүн кайра насыя алган. 2016 –жылы Жаздагүл Компаньон ветеринарынын кеңешин угуп,  үйүрдү узак жайыттарга жөнөтүүгө даярдап жатат.

"Мен отуз жашта гана болгонума карабастан, туруктуу киреше алып келип жаткан, чоң болбосо да, менчик бизнесимди иштетип жатканыма сыймыктанамын. Мындан сырткары, балдар эмгек кылганды жашынан үйрөнүшөт. 12 жашка чыккан улуу уулум азыртан койлорго жем-чөп берип мага жардам берет", - деп Жаздагүл жылмайып айтып берди.

Бардык кардарлар