Биздин кардарларыбыз

КӨЗ КОРКОК ЭМЕС, КОЛ БААТЫР

Кожогулов Айылчы Нарын облусунда Ат-Башы айылында төрөлгөн. Токмок Индустриалдык Педагогикалык техникумду бүтүп жана өндүрүштүк окуунун устаты деген адистигин алып, Айылчы өзүнүн туулган жерине келип, Нарындын бир мектебинде черчение жана кол эмгек сабагынан мугалим болуп иштеп баштады. 

Советтер Союзу тарагандан кийин, Айылчыга жанан анын жубайы Гүлмирага кыйын болду, анткени үй-бүлөсүндө беш бала өсүп жаткан. – Айлык жарым жылдап берилчи эмес, - деп, ал эстейт. – Ошондо мага жумушту таштоого туура келди, мен малга жем жана картошка сата баштадым. 

1995-жылы Нарын облусунун климатынын катаалдыгынан Айылчынын жубайы Гүлмира ооруй баштады анан Кожогуловтардын үй-бүлөсү Токмок шаарына көчүү чечимин кабыл алды. – Акча табыш үчүн, мен ЗИЛ унаасын ижарага алып, арпа ташыдым, - деп, айтып берди Айылчы. – Бир күнү мен Нарынга келсем, эмеректи тапшырыкка жасоону суранышты. Мен эмерек жасоону эч жерде окуган эмесмин, ошондо кол эмгек мугалим болуп иштеген тажрыйбам мага кереги тийди. Бул менен биринчи тапшырыгым болду.
 
 Айылчы өзүнүн билимин кайрадан колдоно аларына кубанды. Бирок эмерек жасоо үчүн анын аспаптары жетишсиз болгон, үйүндө бош орун да жок эле. Көбүнчө кошуналар өнүгүүгө насыя алып жүргөнүн билип, Айылчы жакынкы Компаньон кеңсесине кайрылды, кредиттик адисинен кесиптүү кеңеш алгандан кийин, ал биринчи өзүнүн насыясын алды. – Биринчи насыяга мен Нива автоунаасын, анан эмерек жасоого бардык керектүү аспаптарды алдым, - деп, айтып берди Айылчы. – Ошентип иштей баштадым, тапшырыктар пайда боло баштады.
 
Кылдаттык менен үй-бүлөлүк бюджетти эсептеп, биринчи кредиттик мерчимди ийгиликтүү аяктап, Кожогуловтардын үй-бүлөсү экинчи, анан үчүнчү насыя алууну чечишти. Бул каражаттын жардамы менен, Айылчы үйүндө мини цех уюштурду, мончо жана чакан үй салды, унаасына чиркөө сатып алды. Ошондой эле кызынын билимин улантып, азыр ал Токмок КТУнун үчүнчү курстун студенти. Насыядан алган кийинки каражатка Айылчы өзүнүн үйүн кеңейтип, өз алдынча жакшы оңдоду жана үйүнө буу жылыткыч орнотту. Азыр Кожогуловтардын эки үйү бар. Бир үйдө мончо, гараж жана мини цех болсо, а экинчи үйүндө өзүлөрү жашайт.
 
Айылчыга өзүнүн чоң эмес, бирок пайдалуу жана ишеничтүү үй-бүлөлүк ишин жөнгө сала алды. Бүгүнкү күндө токмоктуктар, кайсы жерде сапаттуу жана кесиптүү эски эмеректи кайрадан каптаарын же жаңы эмеректи жасаарын билет. – Мен биздин жергиликтүү гезитке жарнак берем, анан дагы базарда баары мени сунуш кылышат, - деп, улантты Айылчы. – Жумуштун сезону сентябрдан мартка чейин, - деп, сөзүн улантты Айылчы. – Бул учурда дайыма тапшырык көп. Дагы бир айдын ичинде эки жолу мен эмеректи сатууга Кочкор жана Чаек айылдарына жөнөтөм.
 
Эмерек жасагандан тышкары, Айылчы ширетүү менен да алектенет. – Күн сайын дээрлик ширетүүгө бир нерсе алып келишет, бир нерсени өгөлөп берүүнү суранышат, - дейт Айылчы. – Бардык аспаптарды дагы мен насыя аркылуу алдым. Мурда бир эле балка, бир туткалуу араа бар болчу.  
 
Токмокко көчүп келгенден кийин Айылчынын жубайы Гүлмира өзүнүн ден соолугун чыңдап алды. Ал өзүнүн күйөөсүнө жардам берүүгө аракеттенет, аны менен тапшырыктарга чыгат. – Мен аялым менен кеңешип, кийинки насыяга унаа сатып алууну чечтик, чоңураак жана ыңгайлуу, - деп, өзүнүн пландары менен бөлүштү Айылчы. 

Бардык кардарлар