Биздин кардарларыбыз

Боркоева Шаркүл Ысык-Көлдөгү Торт-Күл айылында үй-бүлөсү менен 50 жылдан ашык жашап келген. Күйөөсү каза болуп жалгыз калганына карабастан жалгыздыкты сезбейт, анткени неберелери дайыма жанында.

Компаньондун насыларынын жардамы менен малдын санын көбөйтүү жана алмаларды сатуу үчүн алма бакты өстүрүү үчүн насыя алуу себептери боюнча сураганыбызда ,“Бүт кылганым - балдарым жана неберелерим үчүн”, - деп айтып берди Шаркүл.

Компаньон жөнүндө алгачкы жолу 2007-жылы “Алма” долбооруна катышканда укту. Кийин ошол жылы малдын санын жана алма багынын түшүмүн көбөйтүү үчүн өзүнүн биринчи насыясын алды.

Биринчи микронасыясын өз айылындагы үч аялдардын тобунда жаш көчөттөрдү тигүү үчүн алган. Ал учурдан бери онунчу жолу микронасыя алып төлөмдөр боюнча кыйынчылык тартпайт.

“Бул топ менен иштеген жагат, анткени катышуучулары кунт коюп иштешет. Туугандар Россиядан акча жиберишет деп күтүшпөйт”, - деди Шаркүл.
Биринчи насыясын алгандан бери, жаңы 15 өрүк бакты, 10 алма бакты, алмурут, жүзүм, малина жана карагатты тикти. Бир аял үчүн бул чоң жумуш!

Акыркы насыяны бакты айландыра тосмо менен курчоо, жаңы сарайды куруу жана үйдү оңдоо үчүн жумшады. Насыя каражаттарына курулган погреб, өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди кыш бою сактоого мүмкүнчүлүк берет.

“Чарбамда бүт бул кичинекей жакшыртуулар бизнесимдин кирешесин жогорулатууга жардам берди. Өндүрүштү арттырып, түшүмдүн көпчүлүгүн сата алам, демек киреше да көбүрөөк болот. Азыр мен жетишерлик акча табам, балдарыма жана неберелериме татыктуу жашоону камсыз кыла алам”.

Ийгилигин өз тажрыйбасында көргөн эстүү насыялоого байланыштырат. Жана келечекте бизнесин уланта турган баласына билимдерин актарарына үмүттөнөт.

“Мен насыяларды өз иштериме эмес, бизнес үчүн колдонууга үйрөндүм. Төлөм боюнча кыйынчылык көргөн эмесмин, анткени дайыма чакан суммаларды эле алганмын”, - деп биз менен бөлүштү Шаркүл.

“Компаньон менен иштегенде көп нерсени үйрөндүм. Эми мен киреше алып келе турган бактарды кантип тигүү жана өстүрүү керектиги тууралуу маалыматка ээ болдум. Бул адамга жөн гана балыкты бербестен, балык улоону үйрөтүүгө окшош ”.


 

Бардык кардарлар