Биздин кардарларыбыз

ПАПАНДАГЫ НАСЫЯ АЛУУЧУЛАРДЫН ӨЗ ИЙГИЛИГИ ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОРУ

 

Шамшиева Айсалкындын колунан баардыгы келет. Ал жана анын күйөөсү, Раимжан, Ош облусунун Папан айылында анча чоң эмес үйүр малга алма, алмурут жана чөп өстүрө турган үч гектар жерге ээ.
 
Айсылкындын баяндамасы так каржылык пландоо, бизнес жөндөмү жана кызматташтык өркүндөп өсүүгө жана ийгиликке кандайча алып келирин көрсөтөт.
 
Компаньондун жаңы кеңсеси 2007-жылы Папан айылында ачылганда, Айсалкындын үй-бүлөсү биринчилерден болуп насыя алган. Ошол убакыттан бери алар насыяны дагы тогуз жолу алышты – ар бир насыя алардын ийгилигинин көбөйүшүнө салым кошту.  
 
Так пландоонун себебинен Айсалкын жана анын үй-бүлөсү жеңил унаа жана бизнес үчүн жүк ташуучу унаа алууга жетишти. Жерди иштетүү менен алар сезондун ичинде 100 миң сом табышат. Ал эми жаңы жүк ташуучу унаа менен алар дагы бир бизнести башташты, өзүнүн кошунуларынын түшүмүн жана малын Оштогу базарга акчага ташып барышат.     
 
Айсалкын менен анын үй-бүлөсү өзүнүн түшүмүнөн түшкөн акчага жер тилкесин сатып алып, ижарага алынган жердин үч гектарынын айланасында тосмо куруп алышты. Быйыл алар 1500 бак терек отургузду, бул теректерди 10-15 жылдан кийин кыйып, отунга сатса болот.
 
“Кирешебиз “Компаньондон” насыя алып баштагандан бери 50% көбөйдү, - деп айтты Айсалкын. - Азыркы убакытта 8 уйубуз бар. Акыркы сезондун ичинде 100 миң сом киреше алдык”. 
 
Каржылык пландоонун маанилүүлүгү
 
Насыялоо процесси Айсалкын үчүн ар дайым оңойго турган жок, ал өз жаңылыштыктарынан үйрөнүүгө аргасыз болду.
 
“Товар айланымы төмөн болгондуктан, биринчи насыямды төлөгөндө кыйынчылыктарга дуушар болгом, - деп айтты ал, - бирок биз азыр насыяларыбызды кыйынчылыксыз төлөп жатабыз”.  
 
Насыялардын аркасынан үй-бүлөгө келген ийгилик, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө таасир этти. Айсалкындын уулдары жана бир кызы Оштон жогорку билим алууга мүмкүнчүлүккө ээ болуп, эми азыр анын уулдары өзүнүн айылына кайтып келип, өзүлөрүнүн үй-бүлөлөрүнө үй салып жатат.
 
Айсалкын өзү ийгиликке жетип, азыр айылында социалдык коргоо кызматында иштейт. – “Мен элге бизнес план жазууга жардам берем жана багбанчылык жана мал чарбачылык боюнча кеңештерди берем”.  
 
“Насыяны жеп салбай, бизнести өнүктүрүүгө колдонуу эң маанилүү”, - деп ал айтат. 
 
Келечекте Айсалкын бүт балдарына үй салууга ниеттенет. Ал балдарынын малы жана бакчалары  бар болушун, алар эч качан азык-түлүккө мажбур болбошун жана алар жашоого керектүү нерселеринин бар болгонун каалайт.  
 
“Биз балдарыбыз жана ийгилибиз менен сыймыктанабыз жана бул үчүн “Компаньонго” алкыш айткыбыз келет”, - деп айтты Айсалкын.
 
“Бул болсо бизди туулган өлкөбүздө, Мекенебизде, ийгиликке жеткирип, бактылуу кылат”. 

 

 


 

Бардык кардарлар