kompanion-logo

    • Бизнеске
    • Кредиттер
  • Жашыл бизнес-кредити

Жашыл бизнес-кредити

Экологиялык долбоорлорду ишке ашыруучу ишкерлер үчүн

Компаньон Банкы айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишкерлерге жашыл бизнес-кредиттерди сунуштайт.

Жашыл бизнес кредиттеринин артыкчылыктары:

  • ишкерлер үчүн узак мөөнөттүү экономикалык жана экологиялык пайда;
  • энергия чыгымдарын азайтуу;
  • ден соолукка жана экологияга карата коркунучтарды азайтуу;
  • экологиялык жоопкерчиликтүү компания репутациясын түзүү.


Кредиттин суммасы: 5 000 ден 8500 000 сомго чейин.

  • 100 000 сомго чейин күрөөсүз жана кепилдиксиз: кредит алуу үчүн кайрылган күнгө карата акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар кардарлар үчүн.
  • 250 000 сомго чейин күрөөсүз жана кепилдиксиз: кредит алуу үчүн кайрылган күнгө карата акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар "Компаньон Банкы" ЖАКтын кайтадан кайрылган кардарлары үчүн

Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин.

Камсыздоо катары "Компаньон Банкы" ЖАКтын депозиттик эсептеринде турган акча каражаттары белгиленген кредиттер боюнча кредиттин мөөнөтү 1 айдан баштап, депозиттин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.

Номиналдуу пайыздык чен: 20%дан башталат.

Натыйжалуу пайыздык чен:22,10% дан башталат.

Камсыздоо: кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк жана кепилдик

Максатсыз пайдалануу үчүн айып: 250 000 сомдон жогору кредиттер боюнча суммадан 3%.

Кредитти накталай берүү үчүн комиссия Банктын тарифтерине ылайык.

Жашыл керектөө кредити төмөнкү максаттарга берилет:

  • Моторсуз же аз көмүртектүү транспортту сатып алуу (велосипеддер, скутерлер, электромобилдер жана башка),
  • Таштандыларды сорттоо/кайра иштетүүгө даярдоо,
  • Күн панелдерин, жылыткычтарды, жылуулук насосторун жана кайра жаралуучу энергиянын башка булактарын орнотуу,
  • Дыйканчылык үчүн жабдууларды, инвентарларды жана материалдарды сатып алуу,
  • Тамчылатып сугаруу жана гидропоникалык системаларды орнотуу,
  • Тракторлорду, комбайндарды, чачкычтарды, экскаваторлорду жана башка айыл чарба жабдууларын сатып алуу,
  • Күнөскана куруу жана уюштуруу, суу үчүн цистерналарды, биожерсемирткичтерди, атайын кийимдерди, полиэтилен пленкаларын ж. б. сатып алуу,
  • Жогорку өндүрүмдүү малды сатып алуу жана багуу,
  • Эт өндүрүү, канаттуулар чарбасы, тоют өндүрүү,
  • Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү: эгин сактоочу бастырмаларды, кампаларды куруу/оңдоо,
  • Жана жашыл каржылоого ылайык болгон башка максаттар.

Ким кредитти ала алат:

18 жаштан 68 жашка чейинки жеке жактар жана индивидуалдуу ишкерлер:

  • Кыргызстандын паспорту бар
  • патенттин негизинде бизнес жүргүзгөн индивидуалдуу ишкерлер
  • юридикалык жактар.

Бизнес 3 айдан кем эмес убакыт иштеген болушу керек. Агробизнес үчүн иш мөөнөтү: бирден кем эмес айыл чарба циклы. Ошондой эле бирден ашык киреше булагынын болушу сунушталат.0

5 мүнөттүн ичинде веб-сайттагы арызды толтуруңуз

Маалыматыңызды толтуруңуз