kompanion-logo

    • Бизнеске
    • Кредиттер
  • KyrSEFF бизнес-кредиттери

KyrSEFF бизнес-кредиттери

Бизнести өнүктүрүү — энергияны үнөмдөөнү, энергиянын натыйжалуулугун жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоону жакшыртуу үчүн кредит

Компаньон Банкы «Кыргызстанда жашыл экономиканы каржылоо» программасынын алкагында кредиттин суммасынан 15%га чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү менен бизнести жакшыртуу үчүн бизнес-кредит сунуштайт!

Кредиттин суммасы: 50 000 сомдон 8 500 000 сомго чейин. Акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар кардарлар 100 000 сомго чейинки насыяны күрөөсүз жана кепилдиксиз ала алышат. Акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар банктын кайталап келген кардарлары үчүн күрөөсүз жана кепилдиксиз 250 000 сомго чейинки сумма жеткиликтүү.

Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин

Жылдык номиналдык пайыздык чен: 20% дан тарта

Жылдык эффективдүү пайыздык чен: 22,10% дан тарта

Камсыздоо: кыймылдуу жана / же кыймылсыз мүлк жана кепилдик


Бул кредит төмөнкү максаттарга берилет:

  • Өнөр-жай жабдууларын орнотуу (өндүрүш линияларын жана жабдууларын  энергоэффективдүү жабдууларга алмаштыруу)
  • Коммерциялык имараттарды модернизациялоо (имараттардын жылуулук сактоосун жакшыртуу –полдорду, дубалдарды, чатырды жылуулоо)
  • Сплит-системасы бар кондиционерлерди орнотуу (“А+” жана андан жогорку класстагы)
  • Абаны рекупирациялоочу желдетүү системасын орнотуу
  • Жылытуу жана салкындатуу системалары үчүн жылуулук насосторун орнотуу
  • Энергоэффективдүү терезелерди сатып алуу, лоджияларга жана балкондорго айнек тагуу
  • Энергоэффективдүү жарыктандырууну орнотуу(LED-лампалар)
  • Сууну үнөмдөөчү технологиялар (тамчылатып сугаруу системалары, суу үчүн энергоэффективдүү насостор, бассейндер/суу чогултуучу идиштер)
  • Ресурстарды үнөмдөөчү айыл чарба техникасы
  • Күн панелдерин орнотуу (күн коллекторлору, күн фотоэлектрикалык панелдери)
  • Биогаз орнотмосу ж.б.
  • Күнөсканаларды модернизациялоо (тамчылатып сугаруу системалары жана жылуулукту үнөмдөө)
  • Электромобилдерди сатып алуу (такси паркы, микроавтобустар, маршруттук таксилер)
  • Муздатуу жана тоңдуруу жабдууларын сатып алуу (“А+” жана андан жогорку класстагы
  • KyrSEFF программасына ылайык башка максаттар.

15%га чейинки грант энергоэффективдүү иш-чаралар ийгиликтүү ишке киргизилгенде төлөнөт. Гранттык төлөмдөрдүн өлчөмү KyrSEFF программасынын консультанты тарабынан энергоэффективдүү иш-чаралардын түрүнө жана энергияны үнөмдөөгө сарпталган каражаттардын суммасына жараша, максаттуу пайдалануу документтер менен тастыкталгандан кийин, ар бир учурда өзүнчө аныкталат. 


Кредитти ким ала алат?

18 жаштан 68 жашка чейинки жеке адамдар жана жеке ишкерлер

  • Кыргызстандын паспорту менен патенттин негизинде бизнес менен алектенгендер же жалданып иштегендер
  • айыл чарбасы менен алектенгенер
  • жеке ишкерлер (өзүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн ижарага берип, киреше тапкандарды кошкондо).

Кредитти накталоо үчүн комиссия Банктын тарифтерине ылайык.

5 мүнөттүн ичинде веб-сайттагы арызды толтуруңуз

Маалыматыңызды толтуруңуз