kompanion-logo

    • Бизнеске
    • Кредиттер
  • 30 мүнөттүн ичинде берилүүчү кредит

30 мүнөттүн ичинде берилүүчү кредит

Болгону паспорт керектелет

30 мүнөттүк күрөөсүз кредит акыркы 12 айда оң кредиттик тарыхы, туруктуу кирешеси бар кардарларга берилет. Жумуштан маалымкат талап кылынбайт.

Кредит кардар кредиттик адиске керектүү документтер менен кайрылгандан кийин 30 мүнөттүн ичинде каралып, жеринде берилет.

Кредиттин суммасы: 2 000 сомдон 200 000 сомго чейин. Аралыктан идентификациялоодон өткөн колдонуучулар үчүн 15 000 сомго чейинки сумма жеткиликтүү.

Кредиттин  мөөнөтү: 3 айдан 36 айга чейин. Сиз онлайн калькулятордун(гипершилтеме) жардамы менен кредиттин идеалдуу мөөнөтүн эсептей аласыз.

Камсыздоо: талап кылынбайт.

Жылдык номиналдык пайыздык чен: 29,9%.

Кредиттин түрү

Сумма, KGS

Жылдык номиналдык пайыздык чен

Бизнес жана керектөө кредиттери

5 000 - 200 000

26,99%*

Бөлүп төлөөгө товарлар

2 000 - 200 000

26,99%**

* Жылдык эффективдүү пайыздык чен 30,95% дан башталат.

** Жылдык эффективдүү пайыздык чен 30,95% башталат.


Кредитти кимдер ала алат?

Жашы 18ден 68 жашка чейинки жеке жактар жана жеке ишкерлер:

  • Кыргызстандын паспорту бар жарандар
  • Кайсы гана болбосун банкта же микрокредиттик уюмда кредиттик тарыхы оң көрсөткүчтө болгон жаран
  • Расмий айлык алып иштеген же бизнестен киреше тапкандар.

Айыл чарба жаатында алектенген ишкерлер Айыл өкмөтүнөн малы же жер тилкеси бар экенин тастыктаган маалымкат алып келип көрсөтүшү кажет.

Кредитти накталоо үчүн комиссия Банктын тарифтерине ылайык.


5 мүнөттүн ичинде веб-сайттагы арызды толтуруңуз

Маалыматыңызды толтуруңуз