kompanion-logo

    • Бизнеске
    • Кредиттер
  • Чакан жана орто бизнеске кредиттер

Чакан жана орто бизнеске кредиттер

Ишкерлерге бизнести өнүктүрүү үчүн кредит

«Бизнес-кредит» — жабдууларга, коммерциялык кыймылсыз мүлккө, өндүрүштүк жайларга инвестицияларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле жүгүртүү капиталын каржылоо үчүн чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө кредит.

«Кредиттик линия» — жүгүртүү каражаттарын толуктоого, анын ичинде бизнес-циклдин керектөөлөрүн жана сезондук муктаждыктарды каржылоого кредиттик линиянын жалпы лимитинин чегинде кредиттерди берүү.

Кредиттин суммасы: 50 000 сомдон 8 500 000 сомго чейин. Акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар кардарлар 100 000 сомго чейинки кредитти күрөөсүз жана кепилдиксиз ала алышат. Акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар банктын кайталап кайрылган кардарлары үчүн күрөөсүз жана кепилдиксиз 250 000 сомго чейинки сумма жеткиликтүү.

Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин
Жылдык номиналдык пайыздык чен: жылдык 20%дан тарта
Жылдык эффективдүү пайыздык чен: 22,10% дан тарта

Камсыздоо: кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк, кепилдик. 500 000 сомго чейин кредитти кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюп алуу мүмкүн. Эгерде күрөөлүк камсыздоо кредиттин керектүү суммасын алуу үчүн жетишсиз болсо, анда "Кепилдик фонду" ААКдан кепилдик алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Кредитти ким ала алат?

18 жаштан 68 жашка чейинки жеке адамдар:

  • Кыргызстандын паспорту менен
  • Бизнес менен алектенгендер

Кредитти накталоо үчүн комиссия Банктын тарифтерине ылайык.



20

5 мүнөттүн ичинде веб-сайттагы арызды толтуруңуз

Маалыматыңызды толтуруңуз