kompanion-logo

    • Бизнеске
    • Кредиттер
  • Агрокредит

Агрокредит

Айыл-чарба менен алектенген ишкерлер үчүн кредит


Компаньон Банкы кредит алуучуларга 6 айга чейинки жеңилдетилген мезгилге Агрокредиттерди жана банктын агрономия жана мал чарбачылыгы боюнча жогорку квалификациялуу адистеринен акысыз консультацияларды берет.

Кредиттин суммасы: 5 000 сомдон 150 000 сомго чейин. Акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар кардарлар 100 000 сомго чейинки кредитти күрөөсүз жана кепилдиксиз ала алат. Акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар банктын кайталанган кардарлары үчүн күрөөсүз жана кепилдиксиз 150 000 сомго чейинки сумма жеткиликтүү.

Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 24 айга чейин.

Жылдык номиналдык пайыздык чен: 26,99%
Жылдык эффективдүү пайыздык чен: 31,05%
Камсыздоо: кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк, кепилдик, "Компаньон Банкы" ЖАКтын депозиттик эсептеринде турган акча каражаттары жана/же кыймылдуу мүлк (жабдуулар, техника, мал ж.б.).


Кредитти ким ала алат?

18 жаштан 68 жашка чейинки жеке адамдар жана жеке ишкерлер

  • Кыргызстандын паспорту менен
  • Айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү менен алектенген жеке ишкерлер
  • Өсүмдүк өстүрүүдө жана мал чарбасында иштеген жеке жактар-айыл чарба өндүрүүчүлөрү.


Агрокредит төмөнкү максаттарга берилет:

  • Малдын санын көбөйтүү
  • Тоют, үрөн, көчөт жана жер семирткичтерди сатып алуу
  • Айыл чарба техникаларын оңдоо
  • Жер участогунун, жайлардын, кампалардын, сактоочу жайлардын ижара акысы
  • Сезондук иштерди жүргүзүү үчүн жаныбарларды/өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана материалдык ресурстарды сатып алуу

Банк:

  • Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана кирешени көбөйтүү максатында натыйжалуу агробизнести жүргүзүү
  • Заманбап айыл чарба технологияларын жана методикаларын пайдалануу
  • Фермердик экономикалык эсептер жана жергиликтүү жеткирүүчүлөр менен байланышуу боюнча консультацияларды берет.

*Банк кредит алуучунун ишинин акыркы жыйынтыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт. Консультациялар банктын кеңселеринде жана башка байланыш каналдары боюнча берилет.

Кредитти накталоо үчүн комиссия Банктын тарифтерине ылайык.

5 мүнөттүн ичинде веб-сайттагы арызды толтуруңуз

Маалыматыңызды толтуруңуз