Жаңылыктар

Компаньон Банкы анестезиология жана реаниматология кафедрасына техникалык жабдууларды жардам катары тапшырды

9 2 2018

Бул жылы, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын анестезиология жана реаниматология кафедрасы 45 жылдык мааракесин белгилеп жатат! Башкармалыктын Төрагасы Жумабаев Эркинбек Алтымышевич, Компаньон Банкынын атынан, медициналык мекемеге абдан зарыл болгон проектор жана экранды белек катары тапшырды.

«Учурда бизде көптөгөн жаш анестезиолог дарыгерлер билим алууда. Ушул күнгө чейин, электрондук түрдө окутуу учурунда, биз СССР убагындагы, кочкул кызыл көрсөткөн эски проекторду колдонуп келген элек. Ал эми жаңы жабдууларды пайдалануу менен биз окуу процессин бир топ жакшырта алабыз, деп ишенем. Мындай пайдалуу белек үчүн Компаньон Банкына чоң ыраазычылык билдиребиз,» - деди кафедра башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Молдоташева Айке Кенжеевна.

Кафедранын окутуу кызматкерлери, кадыр-барктуу дарыгерлер, жаш кесиптештери менен өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп жатышат. Андай адистердин бири - доцент Шерова Алат Акуновна, абдан чон тажрыйбалуу дарыгер. Ал Борбордук Азиянын эн биринчи жүрөк операциясына катышып, Иса Ахунбаевдин өзүнө жардамчы болуп эмгектенген: «Бүгүн биз үчүн чыныгы майрам, Компаньон Банкы бизге абдан керектүү техниканы белек кылды. Биз өлкөбүздүн аймактарында көптөгөн лекцияларды өткөрөбүз. Ал эми жаңы экран менен проектор ишибизди дароо женилдетет. Биз мобилдүү болуп калдык десем, жаңылышпайм! »

«Биз өз ишибизде корпоративдик социалдык жоопкерчиликке өзгөчө көнүл бурабыз. Ошондуктан, билим алып жаткан ак халатчандарга колдоо көрсөтүү биз үчүн эки эсе мааниге ээ. Алардын иши адбан оор жана маанилуу экени анык!» - деди «Компаньон Банк» ЖАКнун Башкармалыгынын Төрагасы Эркинбек Жумабаев.

Бардык жаңылыктар